Мамлекеттик туу көккө көтөрүлдү

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Борбор күнү майрамынын башталуусуна карай салтанатуу жыйынга катышып, өлкөнүн туусун Нур-Султан шаарында көккө көтөрдү. Салтанаттуу жыйын «Атамекен» этно-мемориалдык комлексинде өттү. Расмий билдирүүсүндө Мамлекет башчысы көз карандысыз Казакстандын пайдубалын бекемдөө жана өлкөнүн өнүгүүсүндөгү башкы шаардын ролуна токтолду.   

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз касиеттүү топурагын кадырлаган, туусун ар дайым бийик кармаган элбиз. Борбор күнүнүн алдында салтанаттуу Туу көтөрүү аземи өзүңүздөр сыяктуу өлкөнүн коргоочусу болгон азаматтардын алдында өтүп жатат. Бул улуу муундун сиздерге болгон жогорку ишениминен кабар берет. Бул шаар улутту бириктирүүдөгү жана биздин мамлекетүүлүктү түптөөдөгү Эл башынын эмгегине берилген татыктуу баа.

Туу көтөрүү аземинен кийин мамлекет башчысы, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы аскерий окуу жайларын мыкты аяктаган бүтүрүүчүлөрүнө аскерий чин белгилерин тапшырды.

Фото: elorda.info