Казакстанда шаар күнү белгиленет

Казакстанда теке айынын алтысы мамлекеттик майрам – Борбор күнү белгиленүүдө. 25 жыл мурун Казакстандын Жогорку Кеңеши борборду Алматы шаарынан Акмолого которуу жөнүндө чечим кабыл алган. Ал эми кийинчерек Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев бул маселеге биротоло чекит коюп, 1998-жылы борборго Астана аталышы ыйгарылган. Ал эми 20 жыл мурун мегаполис ЮНЕСКОнун чечими менен «тынчтык шаары» деген аталышка ээ болгон. Бул жылы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн биринчи президентинин урматына Казакстандын борборун Нурсултанга алмаштырууну сунуштаган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы борбору – экономиканын өсүшүнүн негизги локомотиви жана аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү. Ал дүйнөлүк саясий аренада сүйлөшүүнүн уникалдуу аянтчасы катары белгилүү. Бул жерде эл аралык ири форумдар өткөрүлөт жана тарыхый чечимдер кабыл алынат. Казакстандын борбору өзүнүн миң жылдык тарыхында ЕККУ саммитин кабыл алды жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи жолу ЕХРО  көргөзмөсүн өткөрдү.

«Астана» эл аралык каржы борбору шаардын тарыхындагы чоң ачылыштардын бири болуп калды. Серепчилер белгилегендей, дал ушул АЭКБ Казакстандын каржы инфраструктурасынын өзөгү болуп, Борбордук Азия жана ЕАЭБ каржы хабынын ролун аткарууга тийиш.

Салтка айланып калгандай шаар күнүнүн урматына республиканын бардык аймактарында майрамдык концерт, спорттук иш-чаралар, фестиваль-көргөзмөлөр уюштурулат. Нур-Султандын өзүндө эле 100дөгөн иш-чара өтөт. Бүгүнкү күндө жаш борбор – Евразия мейкиндигинде биримдүүлүктүн, туруктуулуктун жана тынчтыктын символу.

Фото: arnapress.kz