Эл башынын китепканасы менен Гейдар Алиев фонду: Кызматташтык меморандуму

Эл башынын китепканасы менен Гейдар Алиев фонду: Кызматташтык меморандуму

Казакстандын биринчи президенти – Эл башынын китепканасы менен Гейдар Алиев фонду өз ара кызматташтык меморандумуна кол койду. Бул келишимдин максаты – Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жана Азербайжандын белгилүү мамлекеттик ишмери Гейдар Алиевдин идеялары менен демилгелерин кеңири жайылтуу болуп саналат. Тараптар эки өлкөнүн маданият жана улуттук мурастарын көрсөтө турган конференциялар, көргөзөмөлөр менен жолугушууларды уюштурууну пландаган.

АМИРХАН РАХЫМЖАНОВ, РКнын БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ  - ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Конференциялар менен жолугушуулар эл аралык деңгээлде Казакстандын биринчи Президентинин идеяларын жана демилгелерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз келечекте тажрыйба алмашып турабыз деп үмүттөнөбүз. Биргелешкен иш-чаралар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларга алып келет.

СОЛТАН МАМЕДОВ, ЭЛ АРАЛЫК ГЕЙДАР АЛИЕВ ФОНДУНУН БАЙЛАНЫШТАР ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫ:

- Ушул жылдан баштап фонд жана Казакстандын биринчи Президентинин китепканасы менен биргеликте Азербайжанда, Казакстанда, ошондой эле, чет өлкөдө эки жетекчинин мурасын жайылтууга багытталган иш-чараларды өткөрүүнү пландаштыруудабыз. Кол коюлган документ биргелешкен маданий, социалдык, агартуучу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Фото: presidentlibrary.kz