Алакөл – казакстан туризминин бермети

Алакөл – казакстан туризминин бермети

Алакөл – казакстан туризминин бермети. Көлгө таза сууга түшкөндөн сырткары, ден соолукту чыңдоо үчүн да келишет. Бул жерде убакыт өткөрүүнү чоңдор менен бирге балдар да жактырышат. Алар балдар ден соолукту чыңдоочу лагерине келишет. 

АЙЫМ ОРАЗОВА, ОКУУЧУ:

- Өтө жакшы таасир алып жатам жана көптөгөн досторду таптым. Алар менен аралашып, андан ары карым катнашты уланта бергим келет. Үйлөрү да өтө кооз.

Саламаттыкты сактоо комплексинде балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Окуучулар үчүн атайын программа иштелип чыкты. Алар сууга түшкөндөн сырткары, ошондой эле экскурсияга да чыгышат. Быйылкы жылы бир жарым миңге жакын мектеп окуучусу Алакөлдө эс алат.

САУЛЕ ЖҮНИСОВА, ҮРЖАР АЙМАКТЫК БИЛИМ БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Чыгыш Казакстан облусунан, Семей, Риддер, Өскемен шаарынан кызыгуулар көп болууда. Ошону менен катар Актөбө шаарынан да билим башкармалыгы менен сүйлөшүп, биздин аймакка 120 баланы алып келүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Батыш Казакстан облусунун лагеринде 90 миңге жакын окуучу жайкы каникулду өткөрөт. Жакында аймакта IT лагер ачылды, мында балдар оюндар менен сайт жасоону үйрөнүшөт. Андан тышкары тарбиячылар видеороликтерди тартууну үйрөтүүгө ниеттенип жатышат.

АСХАТ АХМЕТБЕК, ОКУУ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Биз эки курс өткөрөбүз. Бул 3Д платформасындагы оюндарды жасоо жана веб-сайттарды даярдоо. Ошону менен катар, лагерде түрдүү олимпиадалар өткөрүлөт. Аягында балдардын бардыгы атайын сертификаттар менен сыйланышат. Алар өз долбоорлорун да ишке ашырса болот.

ЕКАТЕРИНА ДОНСКОВА,  ОРАЛ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Мен жөнөкөй сайттарды жасай алам, 3Дны моделдөөнү, кээ бир чакан оюндарды программалоону үйрөндүм. Бул башы гана деп ойлойм.

IT-технологиялардан тышкары, балдар журналистиканы жана тилдик билимди, математикалык ой жүгүртүүнү өздөштүрүшүүдө. Программада спорт, экскурсиялар жана оюн-зооктор да каралган.

Фото: sunholidays.kz