Казакстан – Цивилизация бешиги

Казакстан – Цивилизация бешиги

Казакстан – асман алдындагы музей. Улуу Талаа өлкөсү кен байлыктарга эле эмес, археологиялык эстеликтерге да бай. Алар ата мекендик окумуштуу-археологдордон тышкары, чет элдиктерди да кызыктырат.

ЗЕЙНОЛЛА САМАШЕВ, АРХЕОЛОГ, ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Бул жерде жүргүзүлгөн иштер чоң эл аралык мааниге ээ.  Евразиялык талаа кеңешинин байыркы тарыхынын маселелери менен алектенген биздин кесиптештерибиз Чыгыш Казакстан менен Казакстанда кандай жаңылыктардын болуп жаткандыгын билүү үчүн.

Акыркы 50 жылдын ичинде эле казакстандык окумуштуулар орчундуу археологиялык ачылыштарды жасашты. Алардын бири Иссык коргонунда табылган "Алтын адам". Ушуга окшош Казакстандын башка аймактарында жоокерлердин калдыктары бар жерлер табылды. Окумуштуулардын айтымында, археологиялык казуулар Улуу талаанын байыркы тарыхын калыбына келтирүүгө жана аны атадан балага мурас катары өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мунун баары өлкөнүн өткөнүнө гана эмес, бардык адамзаттын жаңыча көз караш менен кароосуна себеп болот.

ГАЛИЯ АЛИМЖАНОВА, «БАЙЫРКЫ ТАРАЗ ЭСТЕЛИКТЕРИ» МУЗЕЙ-КОРУГУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул калдыктар - кылымдар менен жылдар бою жер бетинде сакталып келген, баалуу буюмдар мындан ары изилдөөгө алынышы кажет. Мүмкүн мындан кийин казуу иштеринде калган маалыматтарды табууга себеп болот. Бардык сертификациядан жана тиешелүү процедуралардан өткөндөн кийин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп экспозициядан өзүнүн ордун алат.

РАХЫМ БЕКНАЗАРОВ, Қ.ЖУБАНОВ АТЫНДАГЫ АӨМУ ПРОРЕКТОРУ:

- Азыркы убакытта биз эстеликтерди коргоо жөнүндөгү мамлекеттик инспекция, Улуттук музей, Алькей Маргулан, Чокон Валихановдун археология институту менен археологиялык жана казакстандык маданий эстеликтер жөнүндөгү биргелешкен изилдөө жүргүзүүдөбүз.

Бүгүнкү күндө илимий дүйнөнүн алдында тарыхтын белгисиз беттери ачылууда. Алардын бардыгы негизинен архивдердин аркасында жетишилген. Бул түрк тилдүү элдердин маданиятынын калыптануусуна жаңыча көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берди. Бул тууралуу ондогон китептерде жазылган. 

ДАРХАН ҚЫДЫРАЛИ, ЭЛ АРАЛЫК ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Алтын Ордонун 750 жылдыгы, Моголстан менен Тараз курултайынын 750 жылдыгы, Жусуп Баласагындын Кут алчу билиминин 950 жылдыгы, Насиминин 650 жылдыгы сыяктуу мааракелер менен дал келип отургандыктан, биздин жыйындарыбыз да ушуга арналды.

Айта кетсек, Европа окумуштууларын казакстандык археологдордун изилдөөлөрү кызыктырууда. Мисалы, германиялык кесиптештер Казакстан-Орусия биргелешкен археологиялык экспедициясынын Чыгыш Казакстан облусундагы жогорку палеолит кезеңиндеги эстеликтердин баштапкы казма иштеринин корутундусуна көңүл бурду. Бул заманбап адам пайда болгон кез. Казакстандык окумуштуулардын айтымында, алдыда дагы жаңы ачылыштар күтүп турат. Алар ата-бабалардын жашоо-турмушу тууралуу буга чейин белгисиз болуп келген факттарды бүткүл дүйнөгө сунат.

Фото: sputniknews.kz