​Казакстанда ЮНЕСКОнун колдоосу менен эл аралык маданияттарды жакындаштыруу борбору ачылат

​Казакстанда ЮНЕСКОнун колдоосу менен эл аралык маданияттарды жакындаштыруу борбору ачылат

​Казакстанда ЮНЕСКОнун колдоосу менен эл аралык маданияттарды жакындаштыруу борбору ачылат. Бириккен Улуттар Уюму жана өлкөнүн Өкмөтү тиешелүү макулдашууга кол койду. ЮНЕСКОнун колдоосу менен иштеген Структура Борбордук Азияда маданият аралык өз ара аракеттенүүнүн тарыхы жана тажрыйбасы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, конференцияларды уюштурат. РКнын премьер-министринин орун басары Гүлшара Абдикалыкова өлкөдө жүзөгө ашырылып жаткан «Руханий жаңыруу» программасын, «Улуу талаанын жети кыры» программалык макалада көрсөтүлгөн басым багыттарын сөз кылып өттү. Ошондой эле, жаштар жылына арналган иш-чараларга тийиштүү маселелерге токтолду. Ал эми ЮНЕСКОнун башкы мүдүрү Одри Азуле Казакстандын эл аралык уюмунун ишине кошкон салымы тууралуу айтты.

ОДРИ АЗУЛЕ, ЮНЕСКОНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Маданияттарды жакындаштыруунун эл аралык борборун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлганына кубанычтамын. Бул борбор ЮНЕСКОнун ажырагыс бөлүгү болуп калат. Структурасы маданияттар аралык диалогду мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт жана байланышты бекемдейт.

ГҮЛШАРА АБДИКАЛЫКОВА, РКнын ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул абдан маанилүү. Себеби, азыр өлкөдө "Руханий жаңыруу" программасы ишке ашырылып жатат, ал боюнча өлкөдө көптөгөн байыркы объекттер табылууда, ошондой эле материалдык эмес мурас бар. Биз келечекте баары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилет деп үмүттөнөбүз. Ал эми ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн көптөгөн изилдөөлөр болот, илимий баа берилет. Булардын баары ЮНЕСКОнун адистери менен бирге каралууда.

Фото: egemen.kz