АЭКБда эл аралык Fintech-компания ачылды

АЭКБнын базасында эл аралык Fintech-компаниясы ачылды. Ишкер жана ментор индиялык Суфьян бин Узайр кезектеги бөлүм ордун кылдаттык менен издегенин айтат. Тандоо Казакстанга түштү. Себеби, аймактын дал ортосунда орун алган өлкө финтех-технологияларын өнүктүрүүнүн уникалдуу аянты, дейт чет элдик ишкер. Келечекте Суфьян бин Узайр бул тажрыйбаны бардык Борбор Азия мамлекеттеринде колдонууну көздөп жатат. Компания каржылык жана окуу технологиялары алкагында жеке ишин ачууга кызыктар англис тилин билбеген казакстандык стартаперлерге электрондук соода базары тууралуу маалыматты орус тилинде алууга шарт түзөт.

СУФЬЯН БИН УЗАЙР, ИШКЕР, МЕНТОР, ВЕБ-КУРАШТЫРУУЧУ:

- Мен бул жерге келгенде финтех-технологияларга байланыштуу адабияттар негизинен англис тилинде гана экендигин байкадым. Бул дегенибиз англис тилин билбеген жергиликтүү жарандар мындай маалыматтан кур калып жүрөт. Канча деген адам оюн жүзөгө ашыра албайт, анткени жаңы мүмкүнчүлүктөр менен тааныш эмес. Ошондуктан маалымат орус тилинде чыгат. Алдыдагы убакытта казак тилинде басып чыгарууну да көздөп койдук. Максаты – аталган индустриянын жаңы инновациялары менен бардык адамдардын кабардар болуусун камсыздоо.