Польша Президенти казакстандыкты медаль менен сыйлады

Польша президенти Анджей Дуда Казакстандын жаранын «Эрдик жана Боордоштук» медалы менен сыйлады. Тасыбай Абдыкеримовду сыйлоо аземи Варшавада өттү. Кыйын-кысталыш кездерди баштан өткөргөн поляктарга жардам берген адамдарга сыйлыкты бир гана Президент өзү тапшырат. Тасыбай Абдыкеримов Казакстанга жер которгон Яблонскийлер үй-бүлөсүн өлүмдөн сактап калган. Азыр аксакал өз айылындагы поляктар жерге берилген кабырларга  кам көрүп келет.

МАГДАЛЕНА ГАВИН, ПОЛЬШАНЫН МАДАНИЯТ  ЖАНА УЛУТТУК ИЙГИЛИК МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Ушундай жакшылыктарын элге айтып көрсөтүү маанилүү. Бул медалды биринчилерден болуп Казакстандын тургунуна тапшырдык. Бул чоң аброй. Польшадан, бүткүл поляктар атынан алкышыбыздын белгиси. Анын айткан аңгемеси жан дүйнөмдү толкутуп, көңүлүмдү көтөрдү.

Тасыбай менен Валентин 1952-жылы таанышкан. Кыйын-кысталыш мезгилде бирге болгон экөөнүн достугу Яблонскийлер Польшага көчүп кеткенден кийин да ажыраган эмес. Бири-бирине кат жызышып турган. Узак убакыттан кийин кайта кайтышканда, аксакалдар көз жашын тыя алышкан жок. Валентин Яблонский Казакстанга катуу ооруп келгенин эске салат. Ошол кезде 16 жашар Тасыбай кол жардамын сунган.

ВАЛЕНТИН ЯБЛОНСКИЙ:

- Өтө жүдөө, ооруп турганымды көрдү. Кимсиң жана кайдан келдиң деп сурабай тамак алып келип берди. Ушул кишилердин аркасында тез айыктым. Тасыбай менен бүткүл казак элине чексиз ыраазычылыгымды билдиргим келет. Колунда бар нерселери менен бөлүштү. Сиздердин өлкөңүздөрдө өмүр сүргөн жылдары казак калкы менен анын салттарын жакшы таанып билдим. Кымыздын даамы менен кийиз үйдө эт асып жегенибиз али эсимде сакталган. Казакстанга баргым келет. Жаштык чагым өткөн учур тууралуу китеп жазайып деп жүрөм.

Валентин айыгып, бутуна тургандан кийин эмгекке аралашкан. Медициналык билими бар ал фельдшер болуп иштеди. Күн сайын айылдарды аралап, ооруу-сыркоолорго жардам берген. Казак тилин да үйрөнүптүр.

85 жаштагы Тасыбай Абдыкеримовдун Польшага көчүп кеткен досу менен дагы да кездешем деген ою болбосо керек. Ал Варшавага конокко барып, Президент сыйлыгына ээ болуу үч уктаса да түшүнө кирген эмес.

ТАСЫБАЙ АБДЫКЕРИМОВ, ТҮРКЕСТАН ОБЛУСУНУН ТУРГУНУ:

- Казак мыкты болгонуна ыраазымын. Себеби, казак калкы боорукер, башка журтту жек көрбөй, өз кучаганы алып, бар нерсесинен жардам берип турат. Валентин менин жүрөгүмдө өлгөнчө турат. Анткени дос көп болот, бирөө сенин дүйнөңө, кызматына карап дос болот. Ал менен кыйынчылыкты көрдүм. Ал да кыйынчылыкты көрдү. Мен аны жүрөгүм менен жакшы көрөм.

Тасыбай аксакал өмүр бою агроном болуп иштеди. 9 баланы тарбиялаган, ал бүгүн да неберелеринин кызыгына бөлөнүп отурат. Казак менен поляк ортосундагы достук көчү далай урпакка үлгү болоору шексиз.

Фото: martebe.kz