Анкарада Касым-Жомарт Токаевдин «Тарых жасаган тулга» аттуу китеби тааныштырылды

Анкарада мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин түрк тилиндеги «Тарых жасаган тулга» аттуу китеби тааныштырылды. Басылмада мамлекеттин негизин түптөп, өлкөнү дүйнөгө тааныткан Эл башы Нурсултан Назарбаевдин эмгектери баяндалат. Китептин уникалдуулугу анын автору Эл башынын инсандыгын, анын лидерлик жана дипломатиялык сапаттарын ар тараптан ачып көрсөткөн. Өзгөчө муну Түркиянын саясатчылары белгилешүүдө.

ЯЛЧЫН ТОПЧУ, ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИНИН БАШКЫ КЕҢЕШЧИСИ:

- Ушул китептин арты менен Нурсултан Назарбаевди башкача таанып билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурабыз. Китеп абдан кызыктуу жана уникалдуу. Анда улут лидеринин басып өткөн оор жолдору, анын чоң саясатка таштаган алгачкы кадамы камтылган. Аны башка тилдерге да которсо дейбиз. Көп адам окуп билсе сонун болот.

ХАСАН ҚАНБОЛАТ, АНКАРА САЯСАТ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди башкача таанып билүүдөбүз. Ал мыкты саясатчы, дипломат болуу менен катар калеми курч жазуучу экенине да көз чаптырдык. Токаев бул китеби аркылуу өткөндөн үлгү алып, жаркын келечекке анык кадам баштагандыгын окурмандарына жеткизип жатканы бизди кубандырды.

Басылма Казакстандын Түркиядагы элчилигинин жана эл аралык Түрк академиясынын колдоосу менен жарык көрдү. Басылманы түркөчөгө которгон белгилүү жазуучу Мэлик Оторбаевдин айтуусунда, постсоветтик мейкиндик үчүн Казакстандын тажрыйбасы чоң мааниге ээ.

МАЛИК ОТАРБАЕВ, «ТАРЫХ ЖАСАГАН ТУЛГА» КИТЕБИНИН КОТОРМОЧУСУ:

- Түрк окурмандарынын көңүлүнөн түнөк табат деп ойлойм. Бүгүн да китеп менен таанышып, китепти окуган серепчилер жогорку бааларын берип жатышат. Алар: «жаңы доорго кадам таштаган адам жөнүндө жазуу, жаза билүү – бул зор акыл бийиктикте өзүн көрсөтө алуу», - дейт.

Дүйнөнүн төрт бурчу азыр да Эл башын улуу реформатор деп тааныйт.  Ал эми бул наамга жетүү тынымсыз эмгекти талап кылат. Ошондуктан Нурсултан Назарбаев өлкөнүн тарыхын жана аймакты державалардын катарына кошкон кадыр-барктуу адам, саясатчы бойдон кала берет. Президент Касым-Жомарт Токаев сөз соңун ушундай деп жыйынтыктаган.

Фото: egemen.kz