Алматы чет өлкөлүк туристтерди тартат

Алматы чет өлкөлүк туристтерди тартат

Өткөн жылы Алматы шаарына миллиондон ашуун турист келген. Алардын азынан көбү - Европа, АКШ, Орусия жана Борбор Азиядан келген саякатчылар. Аларды өнүккөн инфраструктура, табигый кооздук жана шаардын тоо лыжа базалары кызыктырууда. Айтмакчы, чет элдик меймандардын ынгайлуулугу үчүн белгилүү туристтик имараттарда Брайль ариптери жана QR - коддор жазылган көрсөтмөлөр орнотулган. Смартфондун жардамы менен алты тилде кызыктуу нерселер тууралуу толук маалымат алууга болот. Австралиялык Филипп Томсон дээрлик бүт дүйнөнү кыдырып чыккан, бирок Казакстанды ал ачылыш деп эсептейт.

ФИЛИПП ТОМСОН, ТУРИСТ / АВСТРАЛИЯ:

- Мен Чарындагы каньондо, Алтайда, Маңгыстоодо, Чымкентте жана Түркестанда болууга жетиштим, бул укмуштуудай. Чынын айтсам мага сиздердин өлкөңүздөр жагымдуу элес калтырды.

Австралиялык мейман Куршевелди Алматы тоолору жана элдин меймандостугу менен эч качан салыштырууга болбой турганын белгиледи. Ал Казакстанга экзотика менен экстримди сүйгөн достору менен кайра келе турганын айтат. Чымбулак курорту менен Медеу муз аянты эс алууда жүргөн Араб Эмираттарынын тургуну Ахмад Аль-Хаттабини да тартып алды. 

АХМАД АЛЬ-ХАТТАБИ, ТУРИСТ / БАЭ:

- Мен Казакстанга биринчи жолу келдим, сонун мамлекет экен. Бул жердин эли абдан адамгерчиликтүү. Мага баары жагып жатат.

Шаарга баруунун жогорку көрсөткүчтөрү тармакты өнүктүрүү чөйрөсүндө кабыл алынган бир катар чаралардын аркасында реалдуу ишке ашты. Алматыдагы туризм үлүшүн жана коштоочу кызматтарды 2025-жылга карата 6%га жеткирүү пландалууда.

КАЛИБЕК АКЫЛБЕКОВ, АЛМАТЫ ШААРЫНЫН ТУРИЗМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Алматы туризм тармагында "Клондайк" болуп саналат. Чет өлкөлүк туристтер үчүн абдан жагымдуу. Казакстанга келген ар бир экинчи чет өлкөлүк турист Алматыга милдеттүү түрдө барат. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, тарыхта биринчи жолу шаар бир миллиондон ашык туристти чогултту. Ал эми биринчи квартал ичинде туристтердин өсүшү 45,9%дан ашты. Бул шаар чет өлкөлүктөр үчүн жагымдуу экендигин тушүндүрөт. 

Казакстан дүйнөнүн алдыңкы туристтик багыттарынын катарына кирүүгө ниеттенүүдө. Буга тармактык мамлекеттик программа көмөк көрсөтөт. Аны ишке ашыруу зор экономикалык натыйжа берет, ал 800 млрд теңгеге жакын түз инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет. Ички туристтердин тартылуусун 4 эсеге жогорулатат.

Фото: bnews.kz