Жылкы туризминин өнүгүүсү

Жылкы туризминин өнүгүүсү – атамекендик туриндустриянын маанилүү тренди. Өлкөдө уникалдуу долбоор – "Киелі Қазақстан" экспедициясы башталды. 10 күн аралыгында курамына белгилүү саякатчылар, блогерлер жана журналисттерден турган топ Акмоло, Караганды жана Павлодар облустарын кыдырат. Алар Буйратоо жана Баянауыл улуттук бактарына барат. Күн сайын атчандар 50-60 чакырымды басып өтөт. Экспедициянын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү ат менен саякат уюштуруу үчүн эң ыңгайлуу деп таанылган багыттар аныкталат. 

КАЙРАТ САДВАКАСОВ, «НК KAZAKH TOURISM» УК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Дүйнөдө ат менен саякат кылуунун багыттарына суроо-талап жакшы. Ушул экспедиция аяктагандан кийин бардык натыйжалар бизнес-коомчулукта тааныштырылат. Өз кезегинде ушул багыттарды куруп, кайтарымдуу инвестиция кылуу чараларын аныктоо кажет.

Кулжа айынын 29на чейин катышуучулар Павлодар облусундагы Жасыбай көлүнүн соңку чекитине жетет деп пландалган. Уюштуруучулардын айтымында, экспедиция “Руханий жаңыруу” программасын жүзөгө ашырууга жана салт-санааларды жеткирүүгө чоң салым кошот.

Фото: inform.kz