Туристтик форум 70 туроператорду чогултту

Туристтик форум 70 туроператорду чогултту

Казакстан эл аралык туризм картасында өз позициясын бекемдөөдө. Чет өлкөнүн турагенттиктеринин өкүлдөрү Казакстанга өлкөнүн туристтик дараметин изилдөө үчүн келишет. Марина Амельченко - Орусиядан. Ал республикага Тюмен шаарынын саякатчыларын тартууга ниеттенет. Бул жолу өлкөгө Балхаш курорттук аймагындагы пляж эс алуусунун шарттары менен таанышуу үчүн келди.

МАРИНА АМЕЛЬЧЕНКО, ТУРИСТТИК КОМПАНИЯНЫН МҮДҮРҮ / ОРУСИЯ:

- Бул жакка келгичекти темир жол багытын, аны менен катар автобус менен жол жүрүп, багыттар менен тааныштык. Ал эми республикабыздын туроператорлору бизге аба жолун сунуштады. Биз туристтердин ар түрдүү категориялары үчүн ушундай турларды уюштурабыз.  

Монголиянын турфирмалары да Казакстан менен кызматташууга кызыктар. Алар өлкөнүн кооз жерлерине гана эмес, жергиликтүү ажайып жайларга, каада-салттар менен үрп-адаттарга кызыгуу артууда.

БАГЖАНАР КАНАТУЛЫ, ТУРОПЕРАТОР / МОНГОЛИЯ:

- Монголияга жылына дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн үч миң турист келет. Казактын салт-санаалары жана үрп-адаттары менен тааныштырабыз. Мисалы, алгыр куштар менен аңчылыкка чыгуу жөнүндө айтып беребиз. Алар эмне үчүн казак салттары менен Казакстанда эмес, Монголияда тааныштырашат деп сурашат. Биз ушул жылдан баштап туристтерди өлкөгө алып келебиз деп ойлойбуз.

Быйыл Балхаш курорттук аймагынын өнүгүү келечегин талкуулоо үчүн көлгө ата мекендик жана чет элдик туроператорлор келишти. Эл аралык форум 5 өлкөнүн 70тен ашуун компания өкүлүн чогултту. Адистер эс алуучулардын агымын, кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу тууралуу ой бөлүштү.

ЕРКЕБУЛАН ХАСЕНОВ, ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ УЛУТТУК КОМПАНИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН КЕҢЕШЧИСИ:

- Баарынан мурда, албетте, бизнес менен биргеликте мамлекет эриш аркак жүрүүсү керек. Мамлекет бардык зарыл болгон инфраструктуралык колдоого даяр. Бул жерде туристтик объекттерди куруу, жолдорду салуу, темир жол бекеттерин, аэропортторду кайра оңдоо иштери турат.

Айта кетсек, Балхаш көлү Казакстанда туризмди өнүктүрүүнүн келечегинин алдыңкы ондугуна кирген. Атайын программанын алкагында инфраструктурага 5 миллиард теңге каражат бөлүнөт. Жаңы курулуштарды курууга дагы 6 миллиард жеке инвестиция тартуу каралууда.

ТАТЬЯНА АБЛАЕВА, ИШКЕРЛИК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Азыр жөнөкөй нерсенин экономикасы боюнча жаңы программа иштелип чыккан. Мамлекет тарабынан 600 миллиард теңге бөлүндү. Ушул программа артыкчылыктуу багыттардын бирине кирген. Бул Балхаш курорттук аймагына сала турган инвесторлор үчүн  6% га чейин жылдык жеңилдик болуп саналат. 

Жыл сайын Балхашта 100 миңдей адам эс алат. 10 жыл аралыгында келүүчүлөрдүн агымын 4 эсеге жогорулатуу көздөлүүдө.

Фото: sauap.org