Казакстандын борборунда XVI Азия логикалык конференциясы аяктады

Казакстандын борборунда XVI Азия логикалык конференциясы аяктады

Казакстандын борборунда XVI Азия логикалык конференциясы аяктады. Ага дүйнөнүн 30дан ашык мамлекетинен 100дөн ашык математик, анын ичинде Казакстан, АКШ, Улуу Британия, Жапония, Корея, Канада, Кытай жана Индия өкүлдөрү катышты. Катышуучулар математикалык жана философиялык логика жаатында өздөрүнүн иштеп чыккан эмгектерин көрсөтүштү.

СЕРГЕЙ ГОНЧАРОВ, КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ПРОГРАММАЛОО КОМИТЕТИНИН ТӨРГАСЫ, ОРУСИЯ ИЛИМИЙ АКАДЕМИЯСЫНЫН АКАДЕМИГИ:

- Өтө жогорку денгээл, модель теориясына байланыштуу ар түрдүү багыттарда, эсептөө теориясы тармагында өтө жогорку натыйжалар. Бул ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаш математиктер биргелешкен долбоорлорду түзүп, иштешүүсү үчүн абдан маанилүү деп эсептейм.

Конференция катышуучуларга логикалык изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүндө теория жана тажрыйба боюнча маалымат менен алмашууну гана бербестен, бүткүл дүйнөлүк жана Казакстандагы математикалык илимдин азыркы абалын талкуулоого да мүмкүнчүлүк берди.

НАЗИФ ХИСАМИЕВ, Л. Н. ГУМИЛЁВ АТЫНДАГЫ ЕУУнун ПРОФЕССОРУ:

- Азыр алгебра жана математикалык логика боюнча казакстандын илими дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Казакстандан абдан көп келишти. Бардык аймагынан, Алматы, Өскемен, Карагандыдан жана башка шаарларынан келишти.

Математиктердин кийинки жолугушуусу 17-Азия логикалык конференциясынын алкагында Жапонияда үч жылдан кийин өтүүсү күтүлүүдө.

Фото: blog.ted.com