Акмоло облусунда "Бурабай-2019" аскага чыгуучулардын республикалык фестивалы болуп өттү

Акмоло облусунда "Бурабай - 2019" аскага чыгуучулардын республикалык фестивалы болуп өттү. Ал курорттук аймакка жаңы туристтерди алып келүүгө багытталган. Иш-чара Казакстандагы жаштар жылына арналды.

ЕРКЕГАЛИ КАРБОЗОВ, РКНЫН МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРЛИГИНИН «СПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДИРЕКЦИЯСЫНЫН» РМКК МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин география кеңейүүдө. Мисалы, биз дуатлон боюнча мелдешти Алакөлдө, кийин Буктырмада өткөрдүк. Маңгыстоодо бир катар спорттук иш-чаралар уюштурулду. Быйыл биз альпинисттердин мелдешин казакстандын кооз жерлеринин бири болгон Бурабайда өткөрүүнү чечтик.

Спортчулар да, экстрим сүйүүчүлөр да өздөрүнүн чыдамкайлыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Андрей Литовченко 15 жыл бою бийик жерлерге чыгуу менен алектенип келет. Бул жолу да ал башка катышуучулар менен бирге Окжетпес чокусун багындыруу үчүн келди. Алды менен аларга 300 метрге жөө чыгуу керек болду, андан кийин 150 метр бийиктикке көтөрүлүү күтүп жатты.

АЛЕКСАНДР ЛИТОВЧЕНКО, СПОРТЧУ:

- Окжетпес – чоку, ал чыгуу жаатындагы техника, себеби, көп учурда бут менен иштөөгө туура келет. Биз аскаларга көнгөнбүз. Бийиктиктеги керемет көрүнүштөр бизге жагат. Аскага чыкканда эргүү аласың, бөтөнчө абанын тазалыгы өзүнө тартып турат.

Катышуучулардын эң жашы 12де. Кыйынчылыктарга карабастан бардыгы тапшырмаларды аткарды. Тоонун чокусунда спортчулар эстелик, медалдар менен сыйланышты. 

СЕРГЕЙ БЕЛЯКОВ, АЛЬПИНИЗМ ЖАНА АСКАГА ЧЫГУУ БОЮНЧА МАШЫКТЫРУУЧУ.

- Бул фестивалдын максаты - адамдарды массалык түрдө сергек жашоого, жаратылыш койнунда аскага чыгуу менен алектенүүгө үндөйт.  Ошондой эле, аскаларга чыгууга мүмкүн экенин көрсөтүү жана Казакстандын Бурабай курортуна адамдарды тартуу болуп саналат.

Бурабай көп жылдан бери казакстандык жана чет өлкөлүк конокторду өзүнө тартып келет. Уюштуруучулар, мындай фестивалдар туристтер агымын жок дегенде эки эсеге көбөйтүүгө жардам берерине терең ишенет. Белгилей кетсек, бул жерде жигердүү эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, аймактын кооз жаратылыштан сырткары тарыхы да бай .

Фото: sputniknews.kz