Эл аралык ЖОЖду аккредитациялоо

Эл аралык ЖОЖду аккредитациялоо

Эмгек рыногунда ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн билим алуу сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу Казакстандын артыкчылыктуу милдети. Бул багытта билим берүү мекемелерин эл аралык аккредитациялоо маанилүү ролду ойнойт. Бүгүнкү күндө өлкөдө 100дөн ашуун университет бар, алардын ичинен 80ден ашыгы көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин аккредитация тууралуу күбөлүктөрдү алышкан. Бул алардын билим берүү программалары бардык дүйнөлүк стандарттарга ылайык келет дегенди билдирет. Серепчилердин айтымында, баалоо ЖОЖдун кадыр-баркын эле жогорулатпастан, эл аралык кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтүүдө.

АЛИНА ЖУМАГУЛОВА, РЕЙТИНГ ЖАНА АККРЕДИТАЦИЯЛОО КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АГЕНТТИГИНИН МҮДҮРҮ:

- Бул Казакстан Республикасы үчүн чоң жетишкендик болуп эсептелет, анткени бул башка өлкөлөрдүн ишеними. Орусия Федерациясында, Грузия Республикасында мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтебиз, Беларуста аккредитация өткөрүүнү пландаштыруудабыз, арыздардын көпчүлүгү университеттерден. Аккредитация студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен интервью алууну карайт. Милдеттүү түрдө тышкы серепчилик комиссияларда дайыма иш берүүчүлөр жана студенттер да бар.

Адистердин айтымында, ЖОЖдорду аккредитациялоо академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга оң таасирин тийгизет.

Фото: qamshy.kz