Казакстан туризминин өнүгүшү

Казакстан туризминин өнүгүшү

Казакстан өлкөнүн негизги туристтик аймактарына кеминде 1 миллион туристти тартууга ниеттенип жатат. Нур-Султан жана Алматы аймагы бул максатты ишке ашырды. Курорттук жерлерде туристтик агымдын өсүшү байкалууда. Мисалы, Бурабайдагы эс алуучулардын саны өткөн жылы 800 миң адамдан ашты. Түркестанга 500 миңден ашуун, Баянаулга 200 миңден көп саякатчы келген.

АЯ НУРДАУЛЕТ КЫЗЫ, ТУРИСТТИК ФИРМАНЫН МҮДҮРҮ:

- Үстүбүздөгү жылы электрондук виза ишке киргизилди. Буга чейин Казакстанга баргысы келген саякатчылар документтерди чогултуу үчүн элчиликке барууга аргасыз болушкан. Анда берилген уруксат кагазды жумалап күтүүгө туура келчү. Азыр мындай маселелер чечилди. Эми элчиликке баруунун кажети жок. Виза берүү тартиби онлайн жүргүзүлөт.

2025-жылга чейин туризмди өнүктүрүү үчүн тармактын жол картасына багытталган мыйзам долбоору иштелип чыгат. Бүгүнкү күндө 10 негизги багыт аныкталган. Документте инфраструктураны модернизациялоо жана инженердик тармактарды куруу үчүн каражаттар каралган. Мында артыкчылык түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу аркылуу берилет.

ДИДАР АРЫСТАН, КАЗАКСТАН МЖА БОРБОРУНУН ТАЛДООЧУСУ:

- Инвесторлор биринчи, экинчи жылда же обьектти тапшыруудан кийин кетип калбоосу үчүн комплекстүү программа болууга тийиш. Башкача айтканда, инвестор – бул иш тажрыйбасы, кызмат көрсөтүү стандарттары. Орусиядан келүүсү мүмкүн, себеби, салык режими эч кандай артыкчылыксыз алда канча жеңил. Азыр орусиялык ишкерлер биздин экономикага инвестиция салууга даяр. Көпчүлүк серепчилердин пикиринде инвестициялар көп салынып жатат.

2023-жылга чейин өлкөгө келе турган туристтердин санын эки эсеге көбөйтүү пландалган. Жакынкы 5-6 жылда ИДӨдөгү туризм тармагынын үлүшү 8%га чейин жетиши керек.

Фото: sputniknews.kz