Билим лидерлеринин форуму

“Келечекке даяр бүтүрүүчүлөр”. Нур-Султанда жогорку билим берүү лидерлеринин 8-Евразиялык форумунда быйыл ушундай тема козголду. Масштабдуу жыйынга КМШ, Азия, Европа менен АКШнын алдыңкы окуу жайларынын башчылары, улуттук жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрү, жалпы дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн 300дөн ашуун делегат келди. Катышуучулар билим берүү тармагынын өнүгүшү жана жаңычылыктар тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.

ЧАРЛЬЗ ЗУКОВСКИ, НЬЮ-ЙОРК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОРЕКТОРУ, АКАДЕМИЯЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА АТКАРУУЧУ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ / АКШ:

- Менин оюмча, жаштар билим алып маданиятты, тарыхты, тилди терең түшүнүүгө аракет кылуусу керек. Ар бир студент коомдун өнүгүшүндөгү маданий жараяндарды байкай билүүсү зарыл. Аны менен бирге, алардын келечек кесиптерде керек болгон билимди да өздөштүрүүсү маанилүү. Ошондо гана экономиканын өнүгүшү үчүн керектүү тең салмактуулукка жетүүгө болот.

Фото: www.bilim.akipress.org