Мамлекеттик символдор күнү

Мамлекеттик символдор күнү

Бүгүн Казакстанда мамлекеттик символдор күнү белгиленүүдө.

27 жыл мурун, 1992-жылы кулжа айынын төртүндө өлкөнүн Туусу, Герби жана Гимни бекитилген. Мамлекеттик символдор бардык казакстандыктардын рухун көкөлөтүп, улуттук болмушун даңазалайт.

Ортосунда нурлуу күн жана көкөлөп учкан бүркүт чагылдырылган Туу - сүрөтчү Шакен Ниязбековдун эмгеги.

Ал эми Герб – архитекторлор Жандарбек Малибеков менен Шота Уалихановдун эмгеги.

2006-жылдан бери «Менин Казакстаным» ыры өлкө гимни болуп келет. Ал 1956-жылы Шамси Калдаяков тарабынан Жумекен Нажимеденовдун ырына жазылган. Мамлекеттик гимнге жогорку макам берүү максатында өлкөнүн Биринчи президенти Нурсултан Назарбаев алгачкы текстке өзгөртүү киргизген.

Майрамга карай Казакстандын аймактарында салт боюнча иш-чаралар, флеш-мобдор жана майрамдык концерттер өтөт.

Фото: inform.kz