Казакстан Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнө катышат

Казакстан Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнө катышат

Казакстан Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнө катышат. Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө Казакстандын павильону эң ирилеринин бири болот. Анын аймагы 3500 чарчы метрди түзөт. Серепчилердин пикиринде, көргөзмөгө Казакстандын катышуусу 2017-жылы ал өлкөсүндө ЭКСПОну уюштуруу кезинде республиканын жасаган чоң жумушунун уландысы сыяктуу болот. Эл аралык көргөзмөнүн алкагында Казакстан «жашыл» технологияларды өнүктүрүүгө болгон каалоосун көрсөтүү менен гана чектелбейт. Көргөзмө өлкөнүн имиджине жагымдуу таасир берет.

ВИСЕНТЕ ЛОССЕРТАЛЕС, ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨЛӨР БЮРОСУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Астанада уюштурулган ЭКСПО эл аралык көргөзмөсү өтүп кеткен окуя эмес, бул бүгүнкү күндө да уланып жаткан долбоор. Бул өлкөңөрдүн Биринчи Президентинин көрөгөчтүгү деп билем. Бул көз караш өлкөнү өнүктүрүп, алдыга жылдырып келет. Борбордо өткөн ЭКСПО көргөзмөсүнүн маанилүүлүгүн, анын Казакстан үчүн маанисин жарандар түшүнүп, толугу менен сезе билүүсү керек деп ойлойм.

ЭКСПО Дубайда 2020-жылдын тогуздун айынын жыйырмасынан 2021-жылдын чын куран айынын ону аралыгында өтөт. Дүйнөлүк көргөзмө: «Мүмкүнчүлүктөр», «Мобилдүүлүк» жана «Туруктуулук» аттуу темалардан турат. Уюштуруучулар 25 миллион адамдын келишин күтөт.

Фото: expo2020dubai.com