ШКУ туризмди өнүктүрүүдө күч бириктирет

ШКУ туризмди өнүктүрүүдө күч бириктирет

Туризм тармагындагы кызматташтык жана аны өнүктүрүү чаралары. Ушул жана башка темаларды Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин туризм боюнча талдамалык жумуш тобу талкуулады.

МАКСАТ ДАМИР УУЛУ, КР МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ТУРИЗМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Биз бизнесибиздин арасында кызматташтыкты күчөтүү жана туристтик өнүмдөрдү биргеликте даярдоо үчүн өлкөлөрүбүздүн ортосунда белгилүү бир туристтик фестиваль, көргөзмө жана жарманкелерди өткөрүүнү сунуштайбыз.

Отурумда жумуш тобунун мүчөлөрү “ШКУнун сегиз керемети” долбоорунун концепциясын тааныштырды. Ал жерде маданий жана тарыхый мурас объекттери, ошондой эле туристтик багыттар сунушталды.

ВЕНКАТЕСАН  ДХАТТАРЕЙАН, ИНДИЯ ТУРИЗМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул маанилүү демилге. Ал ШКУ өлкөлөрүнүн туристтик объекттерине көңүл бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз бардыгы көргүсү келген өлкөлөрдүн улуттук берметтеринин чогулуусу маанилүү деп эсептейбиз жана ушул багытта туристтик маршруттарды өрчүтүү керек.

МАКСАТ ДАМИР УУЛУ, КР МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ТУРИЗМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Ысык-Көл сунушталып жатат, себеби Кыргызстанда Ысык-Көл туризм багыты боюнча өнүккөн жер. Биз ШКУга мүчө мамлекеттердин назарын ушул өлкөлөрдүн жарандары бири-бири менен саякаттай алуусу үчүн бура алабыз.

Адистердин айтымында, ШКУ саммити учурунда Кыргызстан чоң мүмкүнчүлүктөрү бар өлкө катары өзүн тааныта алат. Аны менен катар, эл аралык деңгээлдеги иш-чара өлкөнүн дүйнөлүк мейкиндиктеги ролун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет, деп ишенишет жолугушууга катышкандар.

Фото: neupusti.net