Аралды калыбына келтирүү – орток милдет

Аралдын айланысында жайгашкан Борбор азиялык беш мамлекет суу тегиздигин калыбына келтирүү чараларын биргеликте аткарууда. Деңиздин казакстандык бөлүгүндө САРАТС долбоору колго алынган. Бүгүнкү күндө анын экинчи кезеңи ишке ашырылат. Мерчем боюнча, Кызылордо облусунда Күмискеткен суу сактагычы салынып, Караөзек гидротүйүнү кайра жаңыртылат.

КЫРЫМБЕК КӨШЕРБАЕВ, КЫЗЫЛОРДО ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Күмискеткен контриреттегич катары иш алып баруусу керек. Жазында ташкын сууну туура багыттап, аны сактап,  жайында сугат иштери үчүн колдонуу зарыл. Ал эми курамына 60 көлмө кирген Караөзек көлдөр системасына да керектүү суу кажет. Бул долбоорду ишке ашырууну өлкөнүн Биринчи Президенти тапшырган. Аталган ишти жүзөгө ашырууга каражатты Өкмөт бөлөт.

Ал эми САРАТСтын 1-фазасынын алкагында салынган Көкарал көтөрмөсүнүн кемтик жактарын оңдоп-түзөө мерчемделип жатат. Натыйжасында деңизден башка көлдөр системасы да калыбына келтирилет. Азыркы тапта аймактагы 158 көлдүн каналы толду.

МУХТАР ОРАЗБАЕВ, АРАЛ РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Суунун көлөмү өскөн сайын, балыктын да көлөмү өсөт. Балык уулоо чектөөсү илимий-изилдөө институту тарабынан белгиленет. Бүгүнкү күндө алардын көлөмү 7 миң тоннадан ашуун. Долбоордун 2-фазасынын ишке ашуусу менен суу тегиздигинин аймагы эки-үч эсе өсөт деп күтүлүүдө. Бул балык чарбачылыгына да оң таасир берет. Биз Арал деңизиндеги балык менен жалпы Казакстанды камсыз кылып, чет өлкөгө экспорттой алабыз.

Убагында Арал менен шаарды 150 чакырым бөлгөн болсо, азыр болгону 17 чакырым бөлүп турат. Эми САРАТСтын 2-фазасы башталуусу менен  деңиз толкуну Арал шаарына жетет деп мерчемделип жатат.

Фото: dekatop.com