Түркестанда 14 мегаваттык күн электр станциясы салынууда

Түркестанда 14 мегаваттык күн электр станциясы салынууда

Түркестан облусунда 14 мВт электр кубатын өндүрө турган күн электр станциясы салынып жатат. Аймагы 30 гектар жерди ээлеп жаткан станция ата мекендик жана франциялык компаниянын бириккен долбоору жана чет өлкөлүк инвестициялар эсебинен каржыланат. Ага Европа өнүгүү банкынан 7 миллиард теңге каралган. Долбоор тогуздун айында толук ишке кошулуп, электр энергиясын жеткирүүнү баштайт. Бүгүнкү күндө ал жерде жумуштун негизги бөлүгү аяктаган. Азыр курулуш-монтаждоо жумуштары жүрүп жатат.

НУРЛАН КАПЕНОВ, КАЗАКСТАН КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮДҮРЛӨР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Кийинки жылы күн электр станциясын кеңейтүү мерчемделип жатат. Түштүк аймакта күн ысык болгондуктан, күн кубатын өндүрүү жеңил. Өз учурунда бул жерде кубат булагы таңсык болуп жатат. Ошондуктан бул долбоордун максаты – пайда болуп жаткан ушул маселени чечип, экологиялык кырдаалды жакшыртуу.

Бул долбоор өлкөнүн жалпы өндүрүшүндө альтернативалык энергия булагынын үлүшүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мерчемге ылайык, ал 2020-жылга карай 3% , ал эми 2050-жылга карай 50 пайызга жетиши керек. Азыркы тапта жалпы кубаты 678 мегаваттык 74 объект иштейт. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Казакстанда дагы 10 жаңы объектти толугу менен ишке кошуу мерчемделген.

Фото: imeche.org