Казакстанда ички туризм илгерилей баштады

Казакстанда ички туризм илгерилей баштады. Өткөн жылы мамлекеттин ичинде эс алууну каалаган казакстандыктардын саны 5 миллионго жеткен. Ички туристтердин 80 пайызы эс алуу жайларын, туристтик базаларды тандаса, дагы 16 пайызы жаратылыш аймактары менен коруктарды тандаган. Ал эми 5 пайызы санатория-курорттук жайларда эс алышкан, деп билдирет energyprom.kz. Мындай көрсөткүчтөр казакстандыктардын ички туризмге болгон кызыгуусун айгинелейт дешет серепчилер. Жарандардан сурамжылоосуна ылайык, эс алуу түйүндөрүн уюмдаштыруу максатында туроператорлор үчүн мамлекетке биринчи жолу маалымат тур уюштурулду.

ГАУХАР ЖЕҢИСБЕК, "KAZAKH TOURISM" АК УК ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Бул маалыматтык турдун өтүшү менен элдерди керектүү маалымат менен камсыздашыбыз керек болду. Анткени алар мамлекет ичиндеги багыттар менен түйүндөр тууралуу  көп биле беришпейт.

Туристтик компаниялардын өкүлдөрү Нур-Султан, Алматы, Чымкент шаарлары менен Акмоло, Түркестан, Чыгыш Казакстан жана Алматы облустарындагы дарылоо жайлары менен эс алуу жайларын кыдырышат. Бурабай менен Зерендини кыдырган кезде ички операторлор жана дарылоо жайлар ортосунда 180ге жакын келишим-шарттар аткарылды. Ички сапардын жүрүшүндө атайын материалдар иштелип чыгып, эс алуу аймактарындагы элге таратылып берилди. Белгилей кетсек, былтыр эс алуучулардын саны 7 пайызга өстү.

АЯ КУСАИНОВА, ТУРИЗМ ИНДУСТРИЯСЫ БИРИМДИГИНИН БАШЧЫСЫ:

- Казакстанды бардык жакка жарнамалоо керек. Негиз катары Нур-Султан менен Алматы шаарларын алсак болот. Туристтердин саны көбөйгөн сайын инфраструктура жакшырып, тейлөө кызматы жогорулайт.  

Туристтик тармактын артыкчылыктуу багыттарынын бири - бул Чымкент шаары. Ал эс алуучулар үчүн жылуу аба-ырайы, кооз табияты, тарыхый-маданий эстеликтери жана салтка айланган эл аралык салттары менен кызыктуу. Бул жерде асман тиреген аска-зоолор туштүктүн меймандостугунан кабар берет. Ар бир жаз айында «Сейил Кошкарата» менен кызгалдактар фестивалына миңдеген коноктор келишет.

ТУРАР АХМЕТОВ, ЧЫМКЕНТ ШААРЫНЫН ТУРИЗМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Чымкентте быйылкы жылы аэропортто жаңы терминал курулат. Ошондой эле темир жол бекети кайрадан жаңылануудан өтөт. Мындан сырткары бир канча ири инфракурулуштардын жоболору бар. Мисалы, футбол аянтчасы, Конгресс борбору салынууда. Биз шаардын эски аты менен туристтердин тартылуу агымын көбөйтөбүз.  Өзбекстан, Түркия, Малайзия жана казакстандыктар Чымкентти көбүнчө сыйынуу үчүн тандашат.

Эскерте кетсек, Казакстанда 2023-жылга чейин туризмди өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынган. Башкы милдеттердин арасында ички жана сырткы туризмди илгерилетүү, аймактагы маданий-туристтик кластерлерди жайылтуу кирет.

Фото: adventurous-travels.com