XVI Евразиялык Медиа форум жыйынтыкталды

Евразиялык Медиа форум өз ишин жыйынтыктады. Быйыл аталган иш-чарага 42 өлкөдөн 600дөн ашуун делегат катышты. Чет өлкөлүк серепчилер ааламдык жана аймактык тренддерди талкуулашты. Евразиялык медиа форумдун акыркы күнүндө серепчилер «Ишенимдин жоголушу. Ааламдык күчтүн тең салмактуулугу» аттуу өзөктүү теманы талкуулашты.

БЕНИТА ФЕРРЕРО-ВАЛЬДНЕР, «EUROAMERICA» ФОНДУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Талкууланган эң маанилүү учурлардын бири – бул өзгөрүүгө жана  реформага муктаж болгон эл аралык укук жана мыйзамдар. Ошондой эле, мунун эң башкы максаты Америка, Европа же кайсы жерде болбосун жашоо сапатын жакшыртуу.

Серепчилер талаш-тартыштарды токтотуп, сүйлөшө билүүнү үйрөнүү керектигине токтолушту. Бул багытта Казакстан эң сонун мисал болуп бере алат.

МАКСИМ ШЕВЧЕНКО,  ЖУРНАЛИСТ, ТЕЛЕ АЛЫП БАРУУЧУ, БЛОГЕР, КООМДУК ИШМЕР / ОРУСИЯ:

- Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев казак мамлекеттүүлүгү үчүн түптөп кеткен саясатты бекем кармоо керек. Анын көп тармактуу саясатын Казакстан эли жана жетекчилик колдонушу зарыл.

Блог тармагынын масс-медиага тийгизген таасири – медиафорумдун дагы бир курч темаларынын бири болду. Акыркы жылдары журналисттерге социалдык тармактын жылдыздары тоскоолдук жаратып келет. Адистер блогерлердин этикасы жана максаты тууралуу сөз кылышты.

ТУТТА ЛАРСЕН, ТЕЛЕРАДИО АЛЫП БАРУУЧУ / ОРУСИЯ:

- Бүгүнкү күндө адамдардын чыныгы жашоосун биз жөн гана байкап койбостон, алардын турмуш-тиричилигин, кайда барганын, эмне кылганын, сырларын билип жатабыз. Бул журналисттерге, ошондой эле, жогорку окуу жайларында чеберчилик менен сүйлөөнү, жазууну үйрөнгөн адамдарга ташталган чакырык деп ойлойм.

Иш-чаранын Башкы өнөктөшү – “Samruk-Kazyna” фонду болду. Медиафорумдун катышуучулары 16 жылдын ичине аянт өз актуалдуулугун сактап келе жатканын белгилеп өтүштү.

Фото: eamedia.org