XVI Евразиялык Медиафорум бүгүн расмий түрдө ачылды

XVI Евразиялык Медиафорум бүгүн расмий түрдө ачылды. Катышуучулардын саны бүгүн бөтөнчө көп болду. Темалар да өзөктүү жана мазмундуу. Мисалы, “Ааламдашуусуз: дүйнө өнүгүүнүн жаңы үлгүлөрүн издейт” деп аталган жыйын кызуу талкуу менен өттү. Себеби, азыркы күндө дүйнөлүк экономикадагы көп жылдык ааламдашуу жараянында “тескери кыймыл” байкалат, дешет серепчилер. Ал эми дүйнө үчүн маанилүү ушундай темалардын казак жеринде талкуулануусунун өзү сыймык, дешет катышуучулар.

ДАУРЕН АБАЕВ, РК МААЛЫМАТ ЖАНА КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Азыр замандын талабы ушундай. Биз Казакстандан башка өлкөлөрсүз жашай албайбыз. Дүйнө жүзү бүгүнкү күндө интернет айыл сыяктуу болуп калды деген пикирди карманышат. Ошондуктан, бүткүл дүйнө жүзүндө болуп жаткан нерселер Казакстанга да түз тиешеси бар. Ошондой маселелерди ушул жерде талкуулоо эң мыкты мүмкүнчүлүк деп ойлойм.

АКШдан келген серепчилер жер бетиндеги калктын санынын тездик менен өсүшүнө байланыштуу, энергетикалык ресурстар менен азык-түлүк тартыштыгы тууралуу сүйлөштү. Ал эми маалыматтык технология: адамзат азаябы же дагы да гүлдөйбү деген темада Кения, Орусия, Казакстан, Румыния өлкөлөрүнүн серепчилери өз ара орток пикирге келе алган жок.

МАРТИН ФОРД, «МАШИНАЛАР КӨТӨРҮЛҮШҮ» КИТЕБИНИН АВТОРУ, ФУТУРОЛОГ / АКШ:

- Азыр жаңы технология өтө тездик менен өнүгүүдө. Бөтөнчө билим жана медицина тармагында. Бирок, анын жыйынтыгында адамдар жумушсуз калуусу мүмкүн. Ошондуктан жаңы жетишкендиктер менен технологияларды туура пайдалана билишибиз керек. 

16-Евразиялык медиафорумдун башкы өнөктөшү - «Самрук-Казына» улуттук ал-акыбал фонду. Иш-чаранын жумушу эртең жыйынтыкталат.

Фото: toppress.kz