ХVI Евразиялык медиафоруму

ХVI Евразиялык медиафоруму

Алматы шаарында 16-Евразиялык медиафорум өтүп жатат. Аталган иш-чарага 43 өлкөдөн 400дөн ашуун конок катышууда. Жалпы медиафорумдун алкагында  7 автордук мастер-класс өткөрүлөт. Аларды өз ишин мыкты билген, дүйнөгө белгилүү инсандар өткөрөт. Аталган саамалыктар «Samruk-Kazyna Trust» Коомдук долбоорлорду өнүктүрүү фондунун катышуусу менен ишке ашат. Эскерте кетсек, форумдун биринчи күнүндө медиа дүйнөнүн өкүлдөрү эң белгилүү болуп жаткан мобилдик журналистика тууралуу кеп кылышты.

ИВО БУРУМ, МЕДИА САБАКТЫН МУГАЛИМИ / АВСТРАЛИЯ:

- Мобилдик журналист – бул бир окуяны ойлоп таап, аны жазып, оңдоп-түзөп, жүктөй ала турган адам. Тагыраак айтканда, бул адамдын колунан бардык нерсе келиши керек. Албетте бул нерсеге өз алдынча үйрөнүп, тажрыйба чогултууга болот.

Форумда медиа мейкиндигиндеги акыркы мега тренддер боюнча сөз болду. Мисалы, азыркы тапта фрилансер түшүнүгү популярдуу болуп жатат. Көз карандысыз журналисттин иши канчалык маанилүү? Ал башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

ДЖЕННИ КЛИМАН, ФРИЛАНС ЖУРНАЛИСТ / УЛУУ БРИТАНИЯ:

- Намыс керек. Жогорку жоопкерчиликти көтөрүп, тобокелдерге даяр болуу зарыл. Фриланс – журналисттин кызыгуусу жана эң башкысы чынчылдыгы болушу шарт. Эң негизгиси өзүнө калп айтпашы керек.

Евразиялык медиафорум өз ишин эртең да улантат. Дүйнө бүгүн: Реалдуулуктун өзгөрүшү аттуу жалпы темада эл аралык серепчилердин талкуусу орун алчу панелдик сессиялар каралган. Медиа тармактын адистери санариптүү журналистиканын келечегин жана жасалма интеллекти колдонуу тууралуу пикир алышат. Белгилей кетсек, Казакстан 16-жолу профессионалдык талкууларга аянт түзүп берүүдө. Бул жөн гана чеберчиликти жогорулатуу жана ой-пикир алмашуу эле эмес, бийликтин төртүнчү күчүнүн жумушунан дүйнөнүн келечеги көз каранды экенин унутпоо кажет.

Фото: eamedia.org