Казакстан-Орусия жаштарынын форуму

Костанайда алтынчы жолу Казакстан-Орусия жаштарынын форуму өтүп жатат. Башкы талкууланып жаткан тема – ыктыярчылар кыймылы. Ушул тармакта аракет кылып жүргөн миңден ашуун жигердүү жаштар өз тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн Костанайга республиканын бардык аймагынан чогулду. Алардын катарында Батыш Казакстандан келген жаштар да бар.

АЛПАМЫС НУРГУАТОВ, ЫКТЫЯРЧЫ:

- Азыркы тапта Батыш Казакстан боюнча 50 миңден ашуун жаш муундун өкүлдөрү болсо, алардын 20-25 миңи Батыш Казакстан облусу боюнча кандайдыр бир ыктыярчылык кыймылдарына тиешеси бар.

Бул форум эл аралык макамга ээ. Костанайга Орусия Федерациясынын чек аралаш аймактарынан жигердүү жаштар келишти. Медик-ыктыярчылар, эко-ыктыярчылар, корпоративдик ыктыярчылыктын катышуучулары жана жөнөкөй ыктыярчылар.

АНДРЕЙ ПЛАТОНОВ, ЖАШТАР ИШТЕРИ БОЮНЧА ФЕДЕРАЦИЯЛЫК АГЕНТТИКТИН ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ / ОРУСИЯ:

- Орусиядан мыкты делегация келди. Албетте алар өз ишмердүүлүгүндө топтогон жана бөлүшө турган тажрыйбасы мол. Ошондой эле биз Казакстанда колдонулуп жаткан жумуштун форматын көргүбүз келет. Менин билишимче бул жерде тажрыйбада өз ишин жакшы билген жаштар арбын. Ошондой эле сиздерде стартаптар долбоору жогору бааланат.

Бүгүнкү күндө Казакстанда 222 ыктыярчылык уюму ийгиликтүү иш алып барууда. Бул ар дайым жардам колун сунган 50 миңден ашуун жигердүү жаштар.

МАДИЯР КОЖАХМЕТ, РК МААЛЫМАТ ЖАНА КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАШТАР ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ ИШТЕРИ БОЮНЧА КОМИТЕТТИН ТӨРАГАСЫ:

- Ыктыярчылык – бул эң универсалдуу жана ыңгайлуу иштөө ыкмасы. Себеби, ыктыярчылык кайрымдуулук сыяктуу биринчи кезекте жаш муундун мекенге болгон сүйүүсүн ойготуп, аны жогорулатууга эң сонун таасир берет. Биз бул нерсени бүгүнкү форумга катышып жаткан катышуучулардын жүзүнөн байкай алабыз.

Форумдун алкагында өз ара кызматташтыкка багытталган бир нече меморандумга кол коюлду. Ошондой эле, катышуучулар Тобол дарыясынын жээгинде ири экологиялык акция уюштурушту.

Фото: top-news.kz