ХVI Евразиялык медиафоруму

Бугу айынын 22-24 аралыгында Алматы шаарында 16-Евразиялык   медиафорум өтөт. Аталган иш-чарага 43 өлкөдөн 400дөн ашуун конок катышат деп күтүлүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, быйылкы программа абдан каныккан. Серепчилер бир гана медиа рыноктогу кырдаалдарды эмес, дүйнөлүк картада өзгөрүп жаткан геосаясат, коомдук жана экологиялык маселелерди талкуулашат. Панелдик жана дискуссиялык сессиялардан башка, журналисттер үчүн интенсивдүү тренингдерди өткөрүү мерчемделүүдө. Репортёрдук жумуштагы акыркы тренддер тууралуу Австралиядан келген Иво Бурум айтып берет. Медиафорумдун уюштуруу комитети чет өлкөлүк конокторду казак маданияты жана салттары менен жакындан тааныштыруу максатында таанып-билүүчүлүк программанын үстүндө да иштеп жатышат.

САНДУГАШ РАХЫМЖАНОВА, ЕВРАЗИЯЛЫК МЕДИАФОРУМДУН КОНТЕНТ-МҮДҮРҮ:

- 16-Евразиялык форумдун темасы “Дүйнө бүгүн – реалдуулуктун өзгөрүүсү”. Муну менен биз дүйнө эмне болуп жатат, дүйнөнүн алдында кандай чакырыктар турат, ЖМК аларга кандай туруштук бериши керек деген суроо узатабыз. Биз кандайдыр бир коркунучтарга, чакырыктарга кандай мамиле кылышыбыз керектиги албетте, биздин аянттарда көтөрүлөт. Панелдик дискуссияларда коомдук жана экологиялык маселелер да абдан өзөктүү болот. Бул биринчи кезекте жасалма интеллект, роботтоштуруунун мындан ары өнүгүшү жана анын эмгек рыногуна тийгизе турчу таасири тууралуу да сөз козголот.

Foto: www.zakon.kz