Байкоочулар миссиясынын жумушу башталды

КМШнын байкоочулар миссиясынын штабы ишке киришти. Алар президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салышат. Байкоочулар тышкы иштер министрлиги тарабынан чакыруу алган. Бардыгы болуп Казакстанга 300 адам келет. Алар борбордук шайлоо комиссиясынын бардык иш-чараларына көз салып турат. БШКнын төрагасы Берик Имашев конокторду шайлоо кампаниясынын бардык этаптары менен тааныштырды: жүгүртүү, каттоо, шайлоо алдындагы үгүт жана добуш берүү. Ал ошондой эле Баш мыйзамдын акыркы өзгөрүүлөрү тууралуу айтып берди. Айтымында, Казакстандагы акыркы эки шайлоо кампаниясында КМШдан 700дөн ашык байкоочу көз салган.

ВИКТОР ГУМИНСКИЙ, КМШ АТКАРУУЧУ ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Аккредитацияга КМШнын 90дон ашуун өкүлү арыз берди. Бул жараян уланып жатат. Бүгүнкү күндө биз расмий түрдө 4 өлкөдөн арыз алдык. Алардын катарында Орусия Федерациясы, Беларусь, Тажикстан жана Түркмөнстан, ошондой эле КМШнын Парламент аралык Ассамблеясы бар.