Казакстан менен Ирандын туризм тармагы өнүгүүдө

Казакстан менен Ирандын туризм тармагы өнүгүүдө

Акыркы жылдары Иран саякатчылары Казакстанга көп санда келип жатат. Айрыкча, Тегеран-Алматы аба каттамы ачылгандан бери кызыгуу өсүп, туристтик турлар да көбөйдү.

ХАФЕЗ САДРИ,  ТУРИСТТИК  КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бул каттам жүргүнчүлөрдүн арасында жогорку таанымалдуулукка ээ жана суроо-талап да жакшы. Аба багытынын ачылган күнүнөн баштап саякатчылар туристтик фирмаларга коңгуроо чала башташты. Иран менен Казакстандын окшоштуктары бар.  Ирандыктар да казак эли сыяктуу ачык, кең пейил, мээримдүү эл. Ошондуктан булар чет өлкөдө жүрсө да, өз өлкөсүндө жүргөндөй сезгиси келип, Казакстанга баргысы келип турат.

Казакстан менен Ирандын туризм тармагындагы кызматташтыгы мындан 15 жыл мурда орногон. Ушул убакыттын ичинде миңдеген ирандык Казакстандын көрүнүктүү жерлери менен таанышып кайтышкан. Түз аба багыты Казакстанды таанытуудагы табылгыс мүмкүнчүлүк. Тегеран менен Алматы шаарында да окшоштуктар бар дешет ирандыктар.

АЛИРЕЗА САЛЕХИСИРАТ, ТУРИСТТИК КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Саякатчы эс алуусу ыңгайлуу жана жеткиликтүү болуусун каалайт. Биринчиден, аба майданда учак, унаа алмаштыруу жүргүнчүнү кыйнап жиберет, ошондуктан түз каалаган жерге жетүү маанилүү. Экинчиден, ирандыктар үчүн Казакстан ачылбаган китептей. Бүгүнкү күндө өлкөбүз Казакстан тууралуу толук маалыматка ээ. Анын көрүнүктүү жерлери, тарыхый жайлары тууралуу жакшы билебиз. Аны менен катар, өлкөңөргө барам деген туристтер өлкөнүн тарыхы жана маданий борборлору тууралуу, майрамдык кечелер жөнүндө да кабардар. Ошондуктан, саякатчылар Казакстанды, анын ыйык жерлерин көрүүгө ынтызар, керек болсо эс алуу күндөрү кыдырууну байма-бай караштыргандар да кездешет. Жалпылап айтканда Казакстанга болгон кызыгуу өсүп жатат.

Визасыз режим киргизилсе эки жактуу туризм тармагынын мындан ары бекемделишине жасала турган дагы бир кадам болот, дешет серепчилер. Бул демилгени өткөн жылы расмий Тегеран да колдогон. Азыркы тапта жеңилдетилген форматта коммерциялык чөйрөнүн адамдары гана уча алат. Серепчилердин айтымында, алдыдагы убакытта туристтер да визасыз саякаттай алат. Ушундай шарттарда, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык дагы да бекемдей түшөт.

Фото: kt.kz