Туристтик операторлордун саякаты

Туристтик операторлордун саякаты

Түркестандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү өсүп келе жатат. Жыл башынан бери ыйык шаарга Индонезия, Сингапур, Малазия жана Орусиянын Саха Республикасынан туристтик операторлор келип, туризмди биргеликте өнүктүрүүгө келишишти. Бул жараянга биринчи кезекте Елбасынын Түркестанды облус борбору кылып, бардык түрк элдеринин руханий борборуна айландыруу тууралуу демилгеси себеп болду. Жалпы Түркестан облусунда түрк дүйнөсүнө орток баалуулуктарды жайылтуу, медиа ассоциациялардын эл аралык байланышын бекемдөө максатында системалуу жумуштар аткарылып келет. Белгилей кетсек, өткөн жылы аймакка 1,5 миллионго жакын саякатчы менен зыяратчы келген. Ал эми туристтик индустрияны өнүктүрүүнүн концепциясына ылайык, 2025-жылы Түркестан аймагына 5 миллионго жакын турист келет деп мерчемделип жатат.

ЖАСУЛАН ТӨЛЕБЕКОВ, ОБЛУСТУК ТУРИЗМ ЖАНА ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Жеке инвестициянын эсебинен 19 кызмат көрсөтүү объекти курулду. Чет өлкөлүк туроператорлорду ушул жерге алып келип, туристтик объекттерибизди көрсөтүп, туристтерди алып келүү боюнча келишимдерди түздүк. Биздин туристтик объекттерди санариптик  системага киргизип, билет алуу, кирүү, чыгуу, туристтердин саны менен биздеги айырмачылыкты ушул санариптик система аркылуу жоюуну көздөп жатабыз.

Азыр Түркестан ири курулуш борборуна айланды. Бул жерде чыгыш үлгүдөгү укмуштуудай имараттар салынып жатат. Алдыдагы жылдары касиеттүү шаар соода-сатыгы кайнаган, тарыхый-маданий жайларына саякатчылар агылган чыныгы туризм борборуна айланат. Жакында Түркестан аймагына Орусиянын Саха Республикасынан бир топ журналисттер саякаттап келди.

 

ГАЛИНА БАЧКАРЕВА, ОФ САХА РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖУРНАЛИСТТЕР БИРИМДИГИНИН ТӨРАЙЫМЫ:

- Биз түрк тилдүү эл болгондуктан казак элин тууган катары көрөбүз. Казакстанга ар түрдүү жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген 26 журналист келдик. Бардыгыбыз казак жерине биринчи жолу кадам шилтеп жатабыз. Алгач Нур-Султан шаарына бардык, борборуңар эң сонун шаар экен. Андан кийин Чымкентке багыт алдык. Мына эми Түркестанга келип жеттик.

Сапар алкагында коноктор Арыстан баб, Кожа Ахмет Яссауи комплекстери менен таанышышты. Алардын пикиринде, эстеликтер чынында эле уникалдуу талаа архитектурасы. Мындан сырткары, жыл башында индонезиялык туристтик операторлор аймак башчысы менен жолугушуп, туризмди биргеликте өнүктүрүүгө келишишкен. Ошондой эле, жакында ыйык шаарга Малайзиянын 12 алдыңкы туристтик операторлору келген. Аларга Түркестан аймагындагы көрүнүктүү жайлар көрсөтүлүп, «Улуу Жибек жолу» темасында экскурсия уюштурулган.

Фото: matritca.kz