Иранда казак уруусунун эн тамгасы бар эстелик табылды

Иранда казак уруусунун эн тамгасы бар эстелик табылды

Иран аймагында адай уруусунун эн тамгасы тартылган байыркы таш эстелик табылды. Алар болжол менен тогузунчу-онунчу кылымдарда жасалган. «Бабалар изи менен» илимий экспедициясы Гүлистан  провинциясындагы тоо башында жаткан ыйык жайга атайын барып, тарыхы менен таанышты. Акбенд айылындагы байыркы мечит болжол менен 1720-жылы казактан чыккан мугалим Шагурбаддын демилгеси менен салынган. Бул жердеги мазарлардын башына казак урууларына тиешелүү таштар коюлган. Алардын арасынан таш эстеликтер менен адай уруусуна тиешелүү эн тамгалар табылды.

ЖОМАРТ ЖЕҢИС УУЛУ, ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ:

- Бул сүрөттөр исламга чейинки доорлордогу бейиттердеги сүрөттөргө окшош. Ушул таш көңүлүбүздү буруп жатат. Таш эки бөлүктөн турат. Баш жагында биздин казактын кичи жүзүндөгү бай уруулардын бири - адайдын эн тамгасына окшойт. Бул жерде жаанын белгиси бар. Жергиликтүү казактардын айтымында, дал ушул белгилер адайлардын ушул жерде жашаганынан кабар берет. Дал ушундай сүрөттөрү бар таштар Мангыстоо облусунда жайгашкан эски Шакпак ата мүрзөсүндө да кездешет.

САПАР ЫСКАКОВ, «БАБАЛАР ИЗИ МЕНЕН» ИЛИМИЙ  ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Байыркы таш эстеликтер биздин ата-бабалар ушул жерде 8-10-кылымдарда жашаганынан кабар берет. Бирок кошумча илимий далилдер, илимий изилдөөлөр керек. Дал ошол мезгилде гана бул эстеликтер качан жана ким тарабынан калтырылганын биле алабыз. Ошондой эле бул объекттерди тарыхый мурастардын тизмесине киргизсек болот. Азырынча биз божомол гана жасай алабыз.

Тоо башындагы ыйык жайларды кыдырган экспедиция мүчөлөрү Гумбет шаарына да барышты. Шаардын бир району казак айылы деп аталат. Бул жерде казактардын 200дөн ашуун үй-бүлөсү жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Иранга 20-кылымдын башында барган. Карыялар эле болбосо, Казакстанды өз көзү менен көргөндөр аз. Ошентсе да, эне тили менен ата салттын унутушкан эмес.

ДАЛЕТБАЙ ЕСКЕЛДИ, ГУМБЕТ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Гумбет шаарында 600гө жакын казак бар. Жанында Горган жана Бентүрик шаарлары жайгашкан. Ал жерлерде да казактар бар. Мен Гумбет шаарындагы казактардын атынан Казакстанга салам айтам.

Казакстандыктар менен жолуккандан кийин экспедиция Тегеранга багыт алат. Иран борборундагы улуттук музейде Елдениз, Жалайыр мамлекеттеринин кезинде колдонулган экспонаттар сакталган.

ХОСЕЙН, ЧӨЛКӨМ ТААНУУЧУ:

- Улуттук музейде Елдениз жана жалайырлар бийлик жүргүзгөн мезгилде колдонулган идиштер жана түстүү металлдан жасалган тыйындар сакталып калган. Орто кылымдарда Иранда бир нече султанаттын болгону белгилүү. Бирок алардын ичинде кыпчак талаасынан чыккан Елдениздердин да, Жалайырлардын да таасири абдан жогору болгон. Алардын башкалардан мыкты цивилизациялуу өлкө болгонун тарыхый экспонаттардын өзгөчөлүктөрүнөн эле байкоого болот.

Иран жеринде бабалардан калган экспонаттардын тарыхы менен таанышкан илимий экспедиция мүчөлөрү бул өлкөдөгү сапарын аяктады. Кезектеги багыт – Түркия.

Фото: theotheriran.com