Музыка менен медицинаны айкалыштырган өнөр бермети

«Курчоодогу виолончель: 75 жылдан кийинки жолугушуу». Ушундай аталыш менен калаадагы Улуттук кардиохирургиялык борбордо Ленинграддын душмандардын курчоосунан бошонуусуна арналган кайрымдуулук концерт өттү. Кеченин башкы каармандары аткаруучулар эмес, согуш жылдарынан калган музыкалык аспаптар болду. Мисалы, бул роялдын жашы жүз жылдан ашат. Катаал жылдары аны Ленинграддан алып чыгып, Казакстанга жеткирген. Бүгүнкү күндө баалуу экспонат реставрацияланып, кардио борбордон орун алган. Ал эми бул – 1941-жылы жасалган виолончель. Согуш жылдарынын күбөсү болгон аспапты Санкт-Петербург шаарынын мамлекеттик театр жана музыкалык өнөрү мамлекеттик музейи Казакстандын борборуна атайын жеткирген.

НАТАЛЬЯ МЕТЕЛИЦА, САНКТ-ПЕТЕРБУРГ ШААРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТЕАТР ЖАНА МУЗЫКАЛЫК ӨНӨРҮ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- Бул эки үнсүз экспонат жаш музыканттардын колунда тирилип, музыка тили менен сүйлөйт.

Кеченин алкагында «Астана Опера» театрынын музыканттары Санкт-Петербург мамлекеттик театр жана музыкалык өнөр музейи менен бирге Рахманинов жана Шостаковичтин чыгармаларын, орус романстары менен Улуу талаа чыгармаларын аткарды. Бул обондор угармандарга келечек урпакка жаркын келечек сыйлоо үчүн өз жашоолорун сарптаган баатырлардын эрдиктерин эске салат.

АЛЕКСЕЙ БОРОДАВКИН, ОФнын КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Бул – айтылуу окуя. Себеби, курчоодо калган Ленинградды эске алсак, аны коргоочулардын арасында казакстандыктар көп болгон. Бир нече бөлүм Ленинграддын четинде салгылашып, немис-фашисттик баскынчыларды токтотушкан. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, музыка ар дайым адамгерчилик менен мээримдүүлүктүн жактоочусу. Бул биздин жоокерлерибизди жеңүүгө шыктандырган обондор.

Foto: www.ria.ru