Жеңиш күнү: Эстейбиз, сыймыктанабыз жана урматтайбыз

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Алардын эрдиги түбөлүк урпактардын жүрөгүндө сакталат!

Бул жылы бугу айынын тогузунда өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгы белгиленет.  Кандуу согуштун биринчи күнүнөн тарта жүздөгөн казакстандыктар өз эрки менен майданга аттанышкан. 4 жыл ичинде республикада 12 аткычтар дивизиясы, 4 атчан аскерлер, 7 бригада, 50гө жакын жеке полк жана батальон түзүлгөн. 4 жылдын ичинде Казакстандан фронтко бир миллион сегиз жүз миңдей адам аттанып, алардын жарымы кайра кайткан эмес. Согушта көргөзгөн эрдиги үчүн 500дөн ашык казакстандык Советтер Союзунун Баатыры наамын алса, 110у үчүнчү даражадагы Даңк орденинин ээси болгон. Алардын мекенчилдиги менен кайраттуулугу дайыма өсүп келе жаткан урпактарга үлгү. Улуу Жеңиш күнүнүн урматына Алматыдагы 28 гвардиячы-панфиловчулар сейил багында эстеликке “Ардактуу кароол” коюлду.

МУРАТ АБДУШКУРОВ, ООГАНСТАНДАГЫ АРДАГЕРЛЕР  КООРДИНАЦИАЯЛЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Биз бул иш-чаралар менен балдарыбызга тынчтык, достук, толеранттуулук – эң ыйык нерсе экендигин көрсөткүбүз келет. Ошондо гана Казакстан өнүгүп, алдыга жыла алат. 10-15 жылдан кийин бул балдар мамлекетти башкара баштайт. Ошондуктан алардын тынч жашоосу үчүн күрөшкөн ата-бабаларынын башынан өткөргөн оор согуш  күйүтүн  эч качан унутпашы керек. Ошондой эле, Казакстанда дайыма ачык асман, тынчтык өкүм сүрүш үчүн бардыгына даяр туруулары зарыл. Мына ушул үчүн биз эмгектенип жана жашап жатабыз.