«Тынчтык жана биримдик» веложарышы

Казакстандык шайтан арабачылар эки ай аралыгында жети Европа өлкөсүн басып өтүүнү мерчемдеп жатат. Жаштар жылына арналган эл аралык веложарышта спортчулар 50 шаарда болушат. 6 катышуучудан турган топ сапарын Улуу Британиянын борборунан баштады.

ТОЛЕГЕН ТАСТАНБЕКОВ, КАЗАК ГЕОГРАФИЯЛЫК КООМУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биздин веложарыш «Тынчтык жана биримдик» деп аталат. Ал Франция, Бельгия, Германия, Голландия, Польша, Беларусь жана Орусия аркылуу өтөт.

Веложарыштын уюштуруучулары Казакстан Элдер Ассамблеясы, казак географиялык коому жана Улуу Британиядагы казак элчилиги. Долбоордун эң башкы максаты – Казакстанда жашаган элдердин бейкуттугун, биримдигин, баалуулугун таанытуу.

АЗАМАТ АТАНТАЙ, ВЕЛОЖАРЫШТЫН КАТЫШУУЧУСУ:

-  Арабызда  ар кандай жаш курактагы ар башка улуттун өкүлдөрү бар. Кыздар дагы биз менен барышат. Албетте биз биримдикти, дени сак жашоо образын көрсөтүүнү каалайбыз.

Казакстандыктар саякатты шаар күнүндө Нур-Султанда жыйынтыктоону көздөп жатышат. Белгилей кетсек, командадагы катышуучулар кесипкөй спортчулар  эмес.

Foto: www.24.kz