«Казакстандын 100 жаңы ысымы»

Тагдырдын сыноосуна сынбай, жашоого болгон сүйүүнүн эң сонун үлгүсүн көрсөтө билген Серик Есматовдун ысымы өлкөгө белгилүү. «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун катышуучусу азыркы тапта да коомдук жумуштарга жигердүү катышып, мыкты иштерге аралашып жүрөт. Серик үйдүн кенженеси болгону менен, эрте бойго жетип, алдына чоң максаттарды коё билди. Ошол максатка жетүү жолунда Серик окууда мыкты, спортто жигердүү, жашоодо көркөм мүнөздүү жаран болуп жетилди. Сууда сүзүүдөн Олимп чокусун багындырсам деп аянбай тер төгүп келе жаткан Есматов 13 жашында эстен кеткис, күтүүсүз окуяга туш болгон.

СЕРИК ЕСМАТОВ, «КАЗАКСТАНДЫН 100 ЖАҢЫ ЫСЫМЫ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Эки сааттык бассейндеги машыгуудан кийин үйгө кайтып бара жаткам. Вокзалдын жанында жашачубуз. Үйгө жетүү үчүн темир жолду жандап өтүү керек эле. Поездин үнүн уккандан кийин өтүп кетсин деген ой болду. Ошол кезде машыгуудан катуу чарчап, абдан алсыз болдум. Оор баштыгымды жерге коюп, суусунумду кандыргым келди. Муздак суу мээдеги кан айлануумду бузса керек, көзүм караңгылап, башым айланып кулап түштүм. Эки бутум темир жолдо калып кеткен экен. Кийин эмне болгону эсимде жок.

Ошентсе да, тагдырдын катуу сынагы Сериктин өмүргө болгон көз карашын өзгөртө алган эмес. Тескерисинче, жигердүү мүнөзүн жандандырган. Күчтүү рух берип, бийиктиктерди багындырсам деген кызыгуусун жогорулаткан.

СЕРИК ЕСМАТОВ, «КАЗАКСТАНДЫН 100 ЖАҢЫ ЫСЫМЫ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Ооба, абдан кыйын болду. Ушул кыйынчылыктарды кантип жеңип чыктың деген суроо мага күн сайын берилет. Ар ким ар кандай ойлойт. Бирөөлөр сенин бала кезиңден алектенген спортуң жардам берди десе, бирөөлөр рухуң мыкты дешет. Ал эми башкалар кичинкейиңден калыптанган жигердүү мүнөзүң деп жатышат. Айтылган ойлордун бардыгы туура болсо керек. Бирок мен ушул күнгө жетишиме эң биринчи кезекте ата-энем менен туугандарымдын мага болгон сүйүүсү себеп болду деп айтар элем. Алардын колдоосу жана мага болгон ишеними кыялыма канат байлады.

Кыялына канат байлаган Серик максаттарына талпынды. Бала кезинен көздөгөн бийиктиктерин багындырды. Волейболдон Казакстан параолимпиада курамасынын сабында олжого ээ болду. Елбасы менен маектешип, өлкө ичин кыдырды. Тагдырдын сыноосун тартып жүргөн көп адамдардын үмүт отун жандандырды. Колу бошой калса спорт залга шашат. Чыгармачылыгын чыңдап, ырларын жарыкка чыгарсам дейт. Болгону 20 жаштагы Серик Есматовдун ушундай эрдиктери өлкөгө үлгү болору анык.