Бугу айынын бири Элдердин достук күнү

Биримдикти туу туткан жалпыга орток майрам. 1996-жылдан бери бугу айынын биринде Казакстанда калктын биримдик майрамы белгиленет. Бул күн мээримдүүлүктүн, достук менен сыйдын символуна айланды. Бүгүнкү күндө өлкөдө жашап жаткан улут жана этнос өкүлдөрү ынтымактуу жашап жатышат. Этнос аралык жана конфессия аралык келишим эрежелерине негизделген өзгөчө үлгү көптөгөн мамлекеттер үчүн үлгү.

БАШИР СОЛСАНОВ, ЧЕЧЕН-ИНГУШ ЭТНОМАДАНИЙ БОРБОРУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Бүгүнкү күнү мамлекет жетекчилери тилибизди, каада-салттарыбызды, маданиятыбызды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. Өлкөбүздүн ар бир  жараны мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо алат. Чындыгында, бул биз үчүн абдан маанилүү. Балдарым, жаштарыбыз көчтөн калбай, биримдикте, ынтымакта жашаганын каалайбыз. Биздин күчүбүз – биримдикте.

Салт боюнча ушул күнү өлкөдөгү миңден ашуун этномаданий борбор өз жетишкендиктерин көрсөтүп, ийгиликтери менен бөлүшөт. Элдик сайрандар, фольклордук фестивалдар, кызыктуу спорт жарыштар. Биримдикти бийик кармаган Казакстан эли майрамды ушундай майрамдайт.

АХМЕТ МУРАДОВ, КАЗАКСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫНЫН МҮЧӨСҮ, МАЖИЛИС ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Бул майрамды бардык казакстандыктар бирге белгилешет. Бардыгы көчөгө чыгып, кучак жая учурашып, бири-бирине жакшы тилектерин айтышат. Бул бир түндүктүн астында ынтымактуу өмүр сүрүп жаткан, достукту бекем кармаган, алдындагы максаттары орток, бир муштумдай болгон, бири-бирине бир тууганындай караган элдик майрам. Биздин Мекенибиз бир – эгемендүү Казакстан. Ар бир түндүккө, ар бир үйгө кубаныч каалайбыз. Достугубуз түбөлүктүү болсун. Майрам куттуу болсун. Ушул биримдигибиз жемиштүү болушуна ар бирибиз салым кошо алабыз.

СААК САЛУМЯН, АРМЯН ЭТНО МАДАНИЙ БОРБОРУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Бул майрамды биз - Ассамблеянын бардык маданий борборлору биргеликте белгилеп келебиз. Бул – достуктун, биримдиктин, тынчтыктын майрамы. Ушул күнү биз маданиятыбызды, салтыбызды, улуттук тамактарыбызды көрсөтүүгө аракет кылабыз.

Достук, өз ара келишим жана биримдик – ааламдашкан бүгүнкү дүйнөнүн эң баалуу белгилери. Ынтымагы жарашкан өлкөнүн келечеги жаркын экенин Казакстан өз мисалы менен көрсөтүп жатат.