Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын XXVII сессиясы

Тынчтык менен келишимдин казакстандык модели бүткүл дүйнөгө үлгү. Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын жыйырма жетинчи сессиясынын ачылышында Елбасы Нурсултан Назарбаев ушундай маалымдама жасады. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү мигранттардын саны 250 миллиондон ашат, анын 70 миллионго жакыны – качкындар. Жер бетинде этнос аралык талаш-тартыштардын азабынан пайда болгон чыр-чатактар абдан көп. Нурсултан Назарбаев ушул кырдаалга терең маани берет. Ал тарыхтан сабак алып, биримдикти көздүн карегиндей сактоого чакырат. Ошондой эле, Биринчи Президент Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын кызматын жаңы деңгээлге чыгаруу керектигине токтолду. Ушуга байланыштуу өлкөнүн эл аралык байланыштарын бекемдөө үчүн Ассамблея менен этно-маданий борборлордун ишкер өкүлдөрүн тартууну сунуштады.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, РК БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ, КЭАнын ТӨРАГАСЫ:

– Биздин өлкөнүн элдеринин биримдиги патриоттуулук жана жалпы баалуулуктарды калыптандыруунун аркасы менен бекемделет. Биздин элибиз бирге чоң максаттарга жетсин деп, биз динамикалуу экономикасы бар бекем мамлекет курдук. Ассамблея тынчтыктын жана туруктуулуктун түбөлүк кепили болоруна ишенем. Бардык казакстандыктарды келе жаткан Казакстан элинин биримдик майрамы менен куттуктайм.

 

Foto: www.inform.kz