«Бабалар изи менен» илимий экспедициясы Азербайжанда

«Бабалар изи менен» илимий экспедициясы Азербайжанда

«Бабалар изи менен» илимий экспедициясы изилдөө иштерин улантууда. Окумуштуулар Грузияда жашап жаткан кыпчактардын турмуш-тиричилиги менен таанышып Азeрбайжанга багыт алды. Алардын пикиринде, эки өлкөнүн ортосунда тарыхый байланыш бар. Жолдо саякатчылар Казак деп аталган шаарга токтошту. Бул жерде 80 миңден ашуун эл жашайт. 13-кылымда ушул айланада түзүлгөн Казак султандыгынын борбору болгон.

ОКТАЙ ЫРЗАЕВ, АЗЕРБАЙЖАН ТУРИСТТИК АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КЕҢЕШЧИСИ:

- Султандыктын казак деп аталышына байланыштуу ар кандай пикирлер бар. Бул сөз Казак хандыгы түзүлө электе, байыркы, орто кылымдык жана азыркы түрк урууларынын арасында колдонулганы тарыхтан белгилүү. Анткени, «казак» термини биздин тилде эркин, көз карандысыз деген маанини берет. Алар жашаган жерде ар дайым коомдор, султандыктар, майда мамлекеттик түзүмдөр түзүлгөн. Белгилеп айта турган болсок, орто кылымдар казак магалы, андан кийин казак султандыгы пайда болгон.

Кыпчактардын басымдуу бөлүгү Азeрбайжанга Грузиядан көчүп барышкан. 12-кылымдын башында Дешти Кыпчак талаасынан 40 миң үй-бүлө конуш которгон. Андан бери ушул жерди мекендеп, жергиликтүү калк менен бирге өмүр сүрүп жатат. Ошол кезде түзүлгөн шаарлар менен конуштар көчмөн маданиятынын далили боло алат. Мисалы, Азeрбайжандын батыш бөлүгүндө жайгашкан Гяндже шаары. Бул шаар 1136-1225-жылдары кыпчак уруусунан чыккан Атабектер курган «Елдениз» мамлекетинин экинчи борбору. Өз заманында анын цивилизациялуу өлкө болгонун жергиликтүү музейдеги экспонаттар далилдейт.

ТАХМИНА АЗИЗОВА, ЭТНОГРАФИЯЛЫК МУЗЕЙДИН КЫЗМАТКЕРИ:

- Бул туулга Гяндже шаарынын айланасынан табылды. Баш кийимдин сырткы жагы алтын менен жалатылган. Аны менен бирге болот темирден жасалган соот менен кол кап табылды.

«Елдениз» мамлекетин башкарган бабалардын чеберчилигин ушул көпүрөнүн курулушунан да байкоого болот. Ал Атабектер бийлик курган кезде таштан жасалган.

САПАР ЫСКАКОВ, «БАБАЛАР ИЗИ МЕНЕН» ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Менин артымда турган көпүрө – Ак көпүрө деп аталат. 12-кылымда салынган курулуш. Таң кала турган жагдай 900 жыл өтсө да көпүрө иштеп жатат. Биз аталган көпүрөнүн үстүнөн унаа менен өтүп келдик. Ушул күнгө чейин бул көпүрөнү жергиликтүү элдер пайдаланып жатышат. Бул бабаларбыздан калган из. Алардын бири дал ушул көпүрө. Ушундай көпүрөлөр абдан көп болгон.

Адистердин айтымында, 90 жылдай бийлик жүргүзгөн «Елдениз» мамлекети моңгол чабуулдарынан кийин кулаган. Ошентсе да, анын ордуна калыптанган өлкө да узак турган эмес. Ички талаш-тартыштын айынан ондогон жыл өткөндөн кийин кулаган.

Фото: azernews.az