Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын XXVII сессиясы

Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын XXVII сессиясы

«Тынчтык менен келишим формуласы: биримдик жана жаңыруу». Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын кезектеги XXVII сессиясы ушундай тема менен өтөт. Жыл сайын өтө турган салттуу жыйын быйыл чын куран айынын жыйырма тогузунда Тынчтык жана Келишим сарайында Биринчи Президент Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгы менен өтөт. Жолугушууга бир жарым миңден ашуун адам катышат деп күтүлүүдө. Алардын катарында Казакстан Элдеринин Ассамблеясы, этномаданий биримдиктердин өкүлдөрү, саясий партиялардын жетекчилери, диний уюмдар менен интеллектуалдык коом, илим жана чыгармачылык тармактардын адистери, ЖМК өкүлдөрү болот.

ВИТАЛИЙ ТВАРИОНАС, КЭА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Ар бир сессияда улуттун көч башчысы Нурсултан Назарбаев алдыбызга чоң милдеттерди коёт. Кезектеги жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул жолу да калыптанган жакшы салтка ылайык, Елбасы берген тапшырмалар менен программалар ийгиликтүү ишке ашарына ишенем. Бүгүнкү күндө бизде билимди негизге алган өлкөнүн келечектүү жаштарыбыз бар. Элибиз тынчтык менен келишимде өмүр сүрүп жатат. Эң башкысы ушул көп улуттуу мамлекеттин биримдигин сактап, өнүктүрүү.

Серепчилердин божомолу боюнча, сессияда Казакстандын Биринчи Президенти улут аралык келишимдин коомдук институтуна айланган Ассамблеянын ролун дагы бир жолу далилдеп өтөт. Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө КЭА карманган саясаты менен багыты дүйнө боюнча достуктун  эң пайдалуу модели деп таанылган.

Фото: akorda.kz