Курултайда жаштардын диний сабаттуулугу талкууланды

Түркияда билим алып жаткан казакстандык дин таануучулар КайсерИ шаарында Эрджиес университетинде биринчи курултайын өткөрдү. Наиб-мүфтий баштаган Казакстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын өкүлдөрү, Казакстан элчилигинин кызматкерлери, окумуштуулар, мугалимдер жана казакстандык студенттер деструктивдүү диний агымдардын өнүгүшүнө жол бербөө тууралуу кеп козгошту. Иш-чаранын катышуучулары элдин диний сабаттуулугуна терең маани беришти. Белгилей кетсек, өлкөдөгү Жаштар жылына карай уюштурулган курултай коомчулуктагы радикализм менен күрөшүүгө багытталган. Иш-чаранын алкагында алдыңкы тармактык жогорку окуу жайларынын магистранттары менен докторанттары ушул темада жазылган өздөрүнүн илимий эмгектерин тааныштырышты. Жыйынга катышуучулар өз идеялары менен бөлүшүп, тажрыйба алмашты, эл арасында салттуу динди түшүндүрүү жолдорун караштырды.

НАУРЫЗБАЙ ТАГАН УУЛУ, МУСУЛМАНДАР ДИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БИРИНЧИ НАИБ-МҮФТИЙИ:

- Биздин башкы максат – ушул дин таануу багытында билим алып жаткан студенттер менен байланыш орнотуп бул мамилени өрчүтүү. Казакстан Дин башкармалыгынын алдында түзүлгөн коомдоштук бар. Аталган коомдоштук менен Түркияда билим алып жаткан студенттердин ортосунда байланыш орногон. Ушундай кызматташтык экстремизм менен күрөшүүгө жана коомдун диний сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз.

ЖАНУЗАК АЛИМГЕРЕЙ, МАГИСТРАНТ:

- Биринчи жолу өтүп жаткан иш-чара. Негизги максатыбыз – Түркияда билим алып жаткан, аталган өлкөдө окуп кеткен жаштардын арасында диний экстремизм жана терроризм боюнча профилактика жүргүзүү. Мындан сырткары, элдерге салттуу исламды жеткирүү. Ошондой эле жаштарга туура тарбия берүү.

Фото: 24.kz