Нур-Султан шаарында «Туңгуч» тарыхый көргөзмө ачылды

Ар кайсы өлкөнүн мамлекет башчылары тартуулаган китептер, Елбасынын архивиндеги документтер, аудио жана видео материалдар, фото сүрөттөр, каттар жана жеке буюмдар. Казакстандын Туңгуч Президентинин жеке фондундагы эки жүзгө жакын экспонат «Туңгуч» көчмө көргөзмөсүнө коюлду. Көргөзмө Нур-Султан шаарындагы Сакен Сейфуллин атындагы казак агротехникалык университетинде ачылды.

АКЫЛБЕК КҮРИШБАЕВ, С. СЕЙФУЛЛИН АТЫНДАГЫ КАЗАК АГРОТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ:

- Туңгуч Президент – Елбасы китепканасынын демилгеси менен биздин студенттер жаңы Казакстандын тарыхы, Елбасынын кылган иштери, өлкөбүздүн тарыхы менен тааныша алат. Бул ири иш-чаранын башы гана, алдыдагы убакытта биздин окуучулар Туңгуч Президенттин китепканасына барып маанилүү документтер менен таанышат.  Ошондой эле, алдыдагы убакытта атайын дарстарды да уюштуруу мерчемделүүдө.

Эки жума бою студенттер көз карандысыз мамлекеттин калыптануусундагы Казакстандын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин өзгөчө тарыхый ролун көрсөтө турган экспонаттар менен жакынырак тааныша алат.

АЛЕНА НИКИТИНА, С. СЕЙФУЛЛИН АТЫНДАГЫ КАЗАК АГРОТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН  СТУДЕНТИ:

- Мен үчүн бул көргөзмө абдан кызыктуу, биринчиден, мага студент катары тарыхты тереңирек изилдөөгө, Казакстандын көз карандысыз мамлекет катары калыптануу учурун эске түшүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жалпылап айтканда көргөзмө жогорку деңгээлде өтүүдө.

АЛЕКСАНДРА ШВАЙЦ, С. СЕЙФУЛЛИН АТЫНДАГЫ КАЗАК АГРОТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН  СТУДЕНТИ:

- Бүгүн мага жана менин тайпалаштарыма ушул укмуштуудай көргөзмөгө катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. Бизге көптөгөн өзгөчө экспонаттар көрсөтүлдү. Белгилеп айта турган болсок, биз өз көзүбүз менен Президентибиздин табелин көрдүк, бизге жумуш столун көрсөттү. Ал жерде анын документтери жана бир нече маанилүү документке кол койгон калемдери жатат. Биз аны өз колубуз менен кармап көрдүк. Мунун бардыгы абдан кызыктуу.

Көргөзмө темаларга ылайык беш бөлүккө бөлүнгөн. Алардын ар бири көрүүчүнү өлкөнүн азыркы санжырасынын унутулгус беттери менен тааныштырат. Белгилей кетүүчү жагдай, көчмө көргөзмө долбоору республиканын ар түрдүү аймактарын камтыйт.

АМИРХАН РАХЫМЖАНОВ, «КР ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЕЛБАСЫ КИТЕПКАНЫСЫНЫН» ММ МҮДҮРҮ:

- Атырау облусуна жана Актөбө облусуна өттүк, облус борборлорунан башка, биз милдеттүү түрдө аймактарга, райондорго, алыс жайгашкан райондорго барабыз. Мисалы, жакында биз Кызылордо облусунун Кармакшы жана Шиели райондорунда болдук. Ушундай көчмө эксурсиялардын башкы баалуулугу, балдар экспонаттардын бардыгы менен жакындан таанышып, көрө алат, ошондой эле аларды кызыктырган бардык суроого жооп ала алат.

Долбоордун уюштуруучуларынын айтымында, көчмө экскурсиялар менен экспозициялар казакстандыктардын гана эмес, чет өлкөлүк коноктордун да кызыгуусун жаратып жатат. Күзүндө көргөзмөнү Алматы менен Жамбыл облусунда, ошондой эле Жапонияда сунуштоо мерчемделүүдө.

Фото: kazatu.kz