«Бабалар изи менен» экспедициясынын кезектеги сапары

«Бабалар изи менен» экспедициясынын кезектеги сапары

«Бабалар изи менен» тарыхый-илимий экспедициясы бир аз убакыт тынымдан кийин Грузияга кайрадан сапар алды. Себеби, бул мамлекетте тарыхый байланышты чагылдырган жаңы маалыматтар арбын. Бул жолку сапардын мааниси өзгөчө. Экспедиция мүчөлөрүн өлкө президенти кабыл алып, жергиликтүү окумуштуулар менен да жолугушуу өттү. Анын алкагында Грузия тарыхында алтын тамгалар менен жазылган Дидгор согушу тууралуу сөз козголду. Алдыдагы убакытта ошол согуш болгон жерге эки мамлекетке орток комплекс салуу маселеси талкууланды. Экспедициянын жетекчиси Сапар Ыскаков Грузия аймагында кыпчактардан калган тарыхый экспонаттарды коргоо маселесин көтөрүп, аларды сактап калуу үчүн эки мамлекет өкмөттүк деңгээлде кызматташтык орнотуусу керектигин белгилеп өттү. Ошондой эле, президент Саломе Зурабишвилиге 12-кылымда кыпчактар колдонгон кобыздын көчүрмөсүн тартуулады. Мындан башка жергиликтүү медиахолдингдин башчылыгы кыпчактардын маданияты менен тарыхы тууралуу биргелешкен телепрограмма даярдоону сунуштады.

БАДРИН АЧКАБЕЛЬ, TB24 МЕДИАХОЛДИНГИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Грузин эли үчүн кыпчактардын орду өзгөчө. Анткени Дидгор согушунда жеңишке жетүүбүзгө кыпчак жоокерлеринин кошкон салымы көп. Жыл сайын ушул жеңиш күнүн өзгөчө белгилеп өтөбүз. Ошентсе да, бүгүнкү өсүп келе жаткан урпак кыпчактардын тарыхын, маданиятын, каада-салттарын терең биле беришпейт. Аны жергиликтүү элге кенен жайылтуу үчүн казак тарап менен биригип, тасмалар циклин тартуу тууралуу сунуш кылдым. Эгер ал жактан колдоо болсо, тартуу чыгашаларынын жарымын көтөрүүгө жана эфирден чыгарууга даярбыз.

Ошондой эле, экспедиция мүчөлөрү Грузия улуттук илимий академиясында уюштурулган илимий конференцияга катышып, жергиликтүү адистер менен кеңеш өткөрдү. Маалыматтарга караганда, 18-19-жылдары Грузияга 40 миң кыпчак үй-бүлөсү келген. Алардан чыккан жоокерлер жергиликтүү чептерди жоодон коргоодо өзгөчө катышкан. Кийин башчылык кызматтарды аткарган.

РОЙЛ МЕТРОВЕЛИ, ГРУЗИЯНЫН УЛУТТУК ИЛИМИЙ АКАДЕМИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Тарыхый маалыматтарга карганда жоого каршылык көрсөтүп, ички жана сырткы тынчтыкты сактоодо, саясий-экономикалык чечимдерди кабыл алууда кыпчактардын таасири мыкты болгон. Кээ бири жергиликтүү элге сиңип христиан динин кабыл алган. Кээ бири артка кайткан. Тамара канбийкенин тушунда башчылык кызматты аткаргандардын көбү  кыпчак болгону тууралуу жазуу маалыматтары бар. Анын бири Кубасар. Ал бүткүл Грузия аскеринин кол башчысы болгон.

Кыпчактардын бийликте болгонун далилдеген дагы бир инсан – Кутлы Арсылан. Ал тууралуу маалыматтар грузин жазуучусу Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» чыгармасында кездешет.

ВАЖА ШУБИТИДЗЕ, ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Шота Руставелинин 12-кылымда жазган чыгармасындагы негизги каарман Кутлы Арсылан болуусу мүмкүн деген божомол бар. Анткени ал Тамара канбийкенин эң ишенимдүү, жакын адамы болгон. Ошондуктан мамлекеттин каржы тармагын ишенип тапшырган. Бирок анын грузин эмес, кыпчак экенин бардыгы билет. Ал кезде кыпчактар менен грузиндердин карым-катнашы абдан жогорку деңгээлде болгон.

Бабалар изи менен экспедицисынын Грузиядагы сапары дагы да уланат. Багыт - Ахалцихе шаары. Бул шаар 13-16-кылым аралыгында Атабек кыпчак-түрк мамлектинин борбору болгон.

Фото: worldatlas.com