“Улуу талаанын жаштары” эл аралык конференциясы

“Улуу талаанын жаштары: тарыхый миссия жана улуттун бирдиктүү келечегин калыптандыруу”. Нур-Султанда жаш окумуштуулардын эл аралык илимий конференциясы өттү. Казакстандык жана чет өлкөлүк катышуучулар ата мекендик тарыхый илимдеги маселелерди талкуулап, анын коомдук акыл-эсти модернизациялоодогу ролу тууралуу пикир алышты. 

ЖАПСАРБАЙ КУАНЫШЕВ, МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ ИНСТИТУТУНУН БАШКЫ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Менин оюмча, бүгүнкү күндө биз технология кылымында жашап жатабыз. Ошондуктан бардык баштоолордун негизи болгон жаштар бул иштерге жигердүү катышуусу керек. Алар илим менен алектенип, мамлекетке пайда алып келиши керек.

Жаш окумуштуулар жаштар саясатын өнүктүрүү үчүн өз идеяларын сунушташты. Алар “Руханий жаңыруу” программасында жана “Улуу талаанын жети кыры” макаласында көрсөтүлгөн аракеттер өлкөнү модернизациялоодо маанилүү фактор экенин белгилеп өтүштү.

ЛАУРА БИГАЛИЕВА, “ЖАШТАР” ИИБнин МААЛЫМАТТЫК-ТАЛДОО БАШКАРМАЛЫГЫНЫН СЕРЕПЧИСИ /ОРУСИЯ/:

- Менин темам Орусияга да, Казакстанга да тиешелүү. Бул – жаштар парламентаризми. Жаштар парламентаризми жаштардын кызыкчылыктарын, мыйзамдуу укуктарын коргой турган курал. Мен бул жерде жаштар парламенти түзүлүп, ал жигердүү иш алып бааруусун каалайм.

АИДА СЫЗДЫКОВА, “ЖАШТАР” ИИБнин МААЛЫМАТТЫК-ТАЛДОО БАШКАРМАЛЫГЫНЫН АЛДЫҢКЫ СЕРЕПЧИСИ:

- «Астана ЭКСПО-2017» тажрыйбасы – бул Казакстан үчүн уникалдуу тажрыйба. Ал жерде 3 ай бою бир учурда 5000 адам үзгүлтүксүз 7-8 саат иштеген. Менин оюмча бул тажрыйбаны Кзакстан үчүн сактап калуу керек. Аталган мүмкүнчүлүктү колдонуу ыктыярчылык кыймылды өнүктүрүүгө эң мыкты түрткү болот. Айрыкча Жаштар жылында.

Конференция резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Катышуучулар Жаштар жылында Улуттун бирдиктүү келечегин жана инновациялык-интеллектуалдык улутту, казакстандык патриоттуулукту калыптандырууда бардык күч-аракеттерди бириктирүү керектигин белгилешти.