Руханий байытуу үчүн 80 миллиард теңге бөлүнөт

Руханий байытуу үчүн 80 миллиард теңге бөлүнөт

Чыгыш Казакстан облусунда «Руханий жаңыруу» программасын ишке ашыруу максатында 80 миллиард теңге бөлүнөт. Акыркы беш жылда аймакта тарых менен маданиятты өнүктүрүү боюнча ар түрдүү жумуштар аткарылууда. Баалуулуктарды даңазалап, тарыхты түгөлдөөгө арналган иш-чаралардын саны жетиштүү. 2016-жылы өлкөнүн өткөнүнө үңүлүп, экспонаттарды издештирүүгө арналган «Археологиялык илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү» долбоору колго алынган. Алгачкы 3 жылдын ийгилиги өткөн күздө жыйынтыкталды. Ушул убакыттын ичинде жалпы 19 миңден ашуун артефакт табылды. Анын ичинде былтыр жайында олжолуу аяктаган Тарбагатай районундагы казуу иштерин айтууга болот. Елеке сазы коругунан алтын адам табылган. 

ЗЕЙНОЛЛА САМАШЕВ, АРХЕОЛОГ, ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Тарбагатай районундагы Елеке Сазы байыркы корүн казуу иштеринин алкагында тектүү жаш жигиттин сөөгү табылган. Анын шымы көптөгөн жасалгалар менен кооздолуп тигилген. Бирок биз үчүн алардын саны эмес, тарыхый баалуулугу маанилүү. Аларга көз жүгүртүп, байыркы заманда технологиялар абдан өнүккөнүн байкай алабыз.

Ошондой эле, программалоонун колдоосу менен археологиялык илимий изилдөөлөр долбоору дагы 3 жылга узартылды. Аталган программанын алкагында Семейде «Абай ааламы» китептер жыйнагы жарык көрдү. 16 китептен турган жыйнакка даанышман акын Абай баштаган 10 калемгердин чыгармасы кирген. Алардын ичинде Фёдор Достоевскийдин мурда жарык көрбөгөн «Семипалатинский период» аттуу чыгармасы бар.

МЕДЕУ САРСЕКЕ, ЖАЗУУЧУ:

- Аталган жыйнакка белгисиз болуп келген дагы башка чыгармаларды киргиздик. Мисалы, Амре Кашаубаев жөнүндө китепти айтсак болот. Ошондой эле, Мухтар Ауэзов айтып өткөн Абайдын окуучулары катары саналган 13 акын бар. 25 жылга Сибирге айдалган Нурлыбек Баймуратовдун китебин басып чыгарууга даярданып жатабыз.

Ал эми Павлодар облусунда «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында «Жер уйык» аттуу комплекстүү долбоордун тушоосу кесилди. Бир нече жылга ылайыкташкан долбоор беш бөлүмдөн турат. Эң башкысы, боз үйдүн философиясын сактап отуруп, биринчи үй жасоону өндүрүштүк деңгээлге көтөрүү, ишкерлерди тартып, аларга мамлекеттик программалардын негизинде грант утуп алууга жардам берүү, андан кийин, эр жигиттерди ата-баба рухунда тарбиялоодо кол кабыш кылуу.

АЛТЫН АТЕЕВА, «ЖЕР УЙЫК» ПРОГРАММАСЫНЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Азыркы ааламдашуу шартында улуттук баалуулуктар абдан маанилүү катары саналат. Кирешеси жогору же орточо болсун, адамдардын басымдуу бөлүгү тарыхыбыздан кабар берген улуттук символу бар нерселерге тартылат, аларды сатып алгысы келет. Ошондуктан бүгүнкү күндө этнодизайны бар заттарга болгон суроо-талап жогору.

Белгилей кетсек, Ертис аймагында бир жылдын ичинде «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында 200гө жакын жаңы долбоор ишке ашырылган. Анын ичинде ички туризмди өнүктүрүү, атка минүү маданиятын изилдөө, кол өнөрчүлүк жана улуттук тамактар мурасына арналган долбоорлор бар.

 

Фото: e-history.kz