Медицина тармагындагы кызматташтык

Казакстан менен Түркия медицина тармагында кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыктар. Келечекте эки мамлекет тармак боюнча тажрыйба алмашып, орток долбоорлорду ишке ашырат. Боордош өлкөлөр саламаттыкты сактоо системаларын мындан ары өнүктүрүп, аны менен бирге эл аралык деңгээлде иштешет. Ошондой эле, Казакстан менен Түркия дары-дармек жана медициналык курал-жабдык өндүрүшү, медициналык кызматкерлерди даярдоо, медициналык туризмди өнүктүрүү жана башка да багыттар боюнча кызматташтык чөйрөсүн кеңейтет. Колго алына турган так долбоорлордун бири мамлекеттик – жеке менчик өнөктөштүк долбоорунун алкагында элге жогорку деңгээлде кызмат көрсөтө турган шаардык ооруканаларды салуу болот.     

ХҮСЕЙИН АРСЛАН, «YDA» КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫК ТӨРАГАСЫ:

- Казактан «PPP» деп аталган  мамлекет менен жеке менчик сектордун ортосундагы долбоорлорду ишке ашырууга ыңгайлуу өлкө. Биз ушул долбоордун алкагында Түркияда 4 оорукананын курулушуна кириштик. Кийинки максатыбыз, мекенибизде ушул долбоорлорду ишке ашырып инвестиция салуу. Инвестициябыздын өзгөчөлүгү, заманбап имарат менен бирге медициналык жана акимчилик кызматкерлерди окутуп, кесипкөй билим менен камсыз кылуу.

Фото: 365info.kz