Шайлоо өлкөнүн өнүгүшүнө түрткү берет

Казакстандагы кезексиз Президенттик шайлоо өлкөнүн өнүгүшүнө түрткү берет. Бул – Германия Бундестагынын  Эл аралык иштер комитетинин өкүлү Андреас Яндын пикири. Ал жаңыдан шайлана турган мамлекет башчысы республиканын экономикалык өнүгүү багытын сактап, тынчтык куруучулук миссиясын да улантат деген ишенимин билдирди.

АНДРЕАС ЯН, БУНДЕСТАГ ЭЛ АРАЛЫК ИШТЕР КОМИТЕТИНИН ПАРЛАМЕНТТИК КАТЧЫСЫ:

- Кезексиз шайлоо өткөрүү демократиялык эрежелердин көрсөткүчү. Мен мындан мурда сиздердин өлкөгө байкоочу катары барган элем. Бул жолку шайлоо да жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Казакстан бүгүнкү күндө дүйнөлүк аренада маанилүү ролго ээ. Мисалы, Астана жараяны Сириядагы кырдаалды тариздөөгө мыкты салым кошту. Жаңыдан шайлана турган президент да дүйнөлүк тынчтык демилгелерди мындан ары улантат деп үмүттөнөбүз.

Ал эми  Грузия Парламентинин депутаттары болсо, Казакстандагы кезексиз президентти шайлоо келечектин камы, туруктуулуктун кепили деген пикирде. Ошондой эле, мыйзамга ылайык эл тандаган жаңы башчы мамлекетти жаңы ийгилектерге жетелейт деп үмүттөнүшөт.

ДАВИД ЧИЧИНАДЗЕ, ГРУЗИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Казакстан мурдагы Совет республикаларынын арасында эң кирешелүү өлкөгө айланды. Өлкөнүн экономикалык ийгиликтери таң калтырат. Ушул жолду улантуу керектигин Казакстан эли түшүнөт деп ойлойм.

Түштүк кореялык саясатчы Ким Сан Чхолдун айтымында, казак эли бүгүнкү күндө чоң ийгиликтерге жетти. Эми саясий өзгөрүүлөрдү убакыт талап кылып жатат. Саясат таануучу кабыл алынып жаткан бардык иш-чаралар өлкө ийгилиги үчүн жасалып жатат деген пикирди карманат.

КИМ САН ЧХОЛЬ,  САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Президент Касым-Жомарт Токаев алдыдагы шайлоонун адилеттүү  жана ачык өтөрүнө убада берди. Ошондуктан жарандардын жигердүү катышуусу маанилүү. Себеби, чыныгы башчы өз элинин колдоосу менен гана өлкө башкарат. Менимче, мезгилинен мурда шайлоо өткөрүү элдин экономикалык-коомдук өнүгүүсү үчүн маанилүү.

Фото: www.inform.kz