XVI Евразиялык медиафорумга даярдык

XVI Евразиялык медиафорумга даярдык

Казакстанда кайрадан дүйнө серепчилери жолугушат. Бугу айында Алматыда XVI Евразиялык медиафорум өтөт. Белгилүү серепчилер, чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү «Ааламдашуу: дүйнө жаңы өнүгүү моделин издештирүү жолунда» темасынын айланасында пикир алмашат. Дүйнөлүк медиа мейкиндиктеги жараяндар, санариптештирүүнүн таасири. Ушул жана башка да суроолорго медиафорумдун катышуучулары жооп беришет. Уюштуруучулар форумдун программасын Лондондо жарыялашты.

СТИВЕН КОУЛ, ЕАМФ МОДЕРАТОР, CGTV ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН  АЛЫП БАРУУЧУСУ:

- Менин форумда козгой турган темам – Жаңы дүйнөлүк ааламдык тартип. Бул абдан маанилүү маселе. Башкалар ага кыскача жооп берүүгө аракет кылып келишет. Биз болсо дүйнөнү ким жана кандай башкара турганын толугу менен аныктоого аракет кылабыз.

Форум – билим менен тажрыйба алмашуунун эффективдүү куралы. Анын алкагында атайын семинарлар менен чеберчилик сабактар өтөт. Журналисттер менен медиа – коомчулуктун өкүлдөрүнө дүйнөлүк деңгээлдеги серепчилер жетекчилик кылат.

СЬЮ ФИЛЛИПС, ЕАМФ БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Бизде чындыгында ар түрдүү интерактивдүү чеберчилик сабактар көп. Алар абдан маанилүү жана белгилүүлүк деңгээли жогору. Ошондой эле, биз үчүн билим жана маалымат менен сугарылган казакстандык журналисттерди көрүү чоң сыймык.

Адаттагыдай бул жолу да Евразиялык медиафорум медиа тармагын алдыдагы өнүгүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берет, дешет уюштуруучулар.

Фото: egemen.kz