Казакстанда үчүнчү шамал электр станциясы ишке кошулат

Казакстанда үчүнчү шамал электр станциясы ишке кошулат

Акмола облусунда жайында дагы бир шамал электр станциясы ишке кошулат. Анын курулушу өткөн күздө башталган. Аймактагы үчүнчү станция, Көкшетау шаарынын Красный Яр конушунда жайгашат. Бул жерде мамылуу 5 генератор коюлган. Алардын ар бири 750 кВт энергия өндүрөт. Станциядан чыга турган электр энергиясынын жалпы көлөмү 3,75 мВт. Дат технологиясына негизделген долбоордун баасы болжол менен эки миллиард теңгеге жакындайт.

АНДРЕЙ ПОДГУРСКИЙ, ШААРДЫК ИШКЕРДИК БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

-Шамал орнотмолору ЭКСПО-2017 көргөзмөсүндө сунушталган технологиянын негизин пайдаланып   отуруп жасалды. Жапылап алганда, электр энергиясын Акмола облусу, Көкшетау шаары жана ага жакын аймактагы тилкелер боюнча бөлүү мерчемделип жатат. 

Бүгүнкү күндө Казакстан энергия эффективдүүлүгү жана энергия үнөмдөй турган долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыктар. Эскерте кетсек, кийинки жылы өлкөдө электр кубатын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндөгү альтернативлык кубат булактарынын үлүшүн 3 пайызын көбөйтүү мерчемделүүдө. Ал эми, 2050-жылга карай бул көрсөткүч 50 пайызды түзөт.

Фото: intheblack.com