Казакстан-Түштүк Корея ортосундагы медициналык кызматташтык

Казакстан-Түштүк Корея ортосундагы медициналык кызматташтык

Казакстан менен Түштүк Корея дарыгерлери өнөктөштүк байланыштарын тереңдетишет. Тарапташтар алдыдагы жылдары биргеликте аткара турган жумуштарынын тизмесин түзүштү. Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы медицина тармагындагы өз ара кызматташтык өзгөчө жигердүүлүк алган. Алматыда азыркы тапта үч түштүк кореялык клиника бар. Башка аймактарда да жаңы борборлордун курулуш иштери жүрүп жатат. Ал мекемелерде чет өлкөлүк адистер менен бирге казакстандык дарыгерлер да иштейт. Белгилей кетсек, эки жактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү тууралуу документке кол кою президент Мун Чже Ин мырзанын Казакстандын борборуна мерчемделген сапарына белгиленип жатат.

КАН ДО ТЭ, КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТЫКТЫ САКТОО ЖАНА КООМДУК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Алдыдагы убакытта эки жактуу карым-катнашты мындан ары да бекемдей беребиз. Корея Президентинин Казакстанга болгон сапарында меморандумга кол кою мерчемделген. Аны өкмөт аралык кызматташтыктын жол картасы деп айтууга болот.

ЛИ КВАН УН, СЕУЛ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН ООРУКАНАСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Актөбеде диагностикалык борбор салынып жатат. Аны курал-жабдыктар менен жабдыктоо, программалар менен камсыз кылуу жана кызматкерлерин окутуу биздин мойнубузда. Аны менен бирге, онкологиялык ооруларды дарылоо борборун куруу үчүн Алматы менен Нур-Султанда ооруканаларын караштырып жатабыз.

Казакстанда узак жылдар бою түштүк кореялык адистердин тажрыйбасы колдонулуп келет. Жыл сайын жүздөгөн казакстандык дарыгер алардын мыкты ооруканаларында билимдерин чыңдашат.  Сабит Досанбаев – Кореядагы клиникалардын биринде бир жылдык такшалмадан өткөндөрдүн бири. Ал жерде роботтун жардамы  менен операция жасоону үйрөнгөн.

САБИТ ДОСАНОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНДАГЫ №1 ООРУКАНАСЫНЫН ДАРЫГЕРИ:

- Кореяда алдыңкы медициналык куралдар колдонулат. Алар операция жасоону жеңилдетип, коркунучтуу ишикти баштапкы кезинде эле аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде алган таржырыйбамды өз өлкөмдө колдономун деп үмүттөнөм.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү жетишкендик билим тармагындагы келишим болду. Бүгүнкү күндө кореялык дарыгерлер Казакстандын эң ири медициналык окуу жайларында сабак берет. Ошондой эле, Асфендияров атындагы Казак улуттук медицина университетинде оңолтуу бөлүмүн ачуу маселеси каралууда. Мекеменин проректорунун айтымында, Түштүк Кореянын тажрыйбасын изилдегенден кийин медицина университети ири комплекске айланууда. Ал жерде бир гана дарыгерлерди окутуп койбостон, аны менен катар бейтаптарга жардам көрсөтүлүп, изилдөө жумуштары жүргүзүлөт. Башкача айтканда, окуу жайынын алдында өз ооруканасы болот деген сөз. Анын курулушуна түштүк кореялык компаниялар инвестиция багыттоого өз кызыкчылыктарын көрсөтүп жатышат.

БАУЫРЖАН ЖҮСІПОВ, С.АСФЕНДИЯРОВ АТЫНДАГЫ КАЗУМУ ПРОРЕКТОРУ:

- Кийинки маанилүү кадам чоң университет клиникасынын курулушу болот. Ошондой эле, биздин университетте оңолтуу кафедрасын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Анын ачылышына да кореялык шериктештер жардам берүүдө.

Казакстан-Корея байланыштарынын, анын ичинде, медицина тармагындагы өнөктөштүктүн тереңдей түшүүсүнө эки өлкөнүн достук кызматташтыгы таасирин тийгизди. Эскерте кетсек, Казакстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде Түштүк Корея менен биринчи болуп дипломатиялык мамиле орноткон.

Фото: businesskorea.co.kr